Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргызстандын саясий аренасында жылдызы жанып баратат. Ушул тапта ал өлкөнүн түштүгүнө иш сапар менен аттанган. Анын жүрүшүндө аткаминерлерди жемелеп да, мамлекеттик тилде сөз сүйлөп, Өзбекстан менен кызматташтык маселелерин чечүүдө. Биз ага өлкөнүн экономикасына байланышкан учурдун урунттуу жана татаал суроолорду узаттык.
— Бүгүн Кыргызстанда каатчылык олуттуу, кырдаал татаал. Калктын көңүлү тынч эмес, киреше азайып, баалар кымбаттап барат. Ушундай кыйчалыш убакта премьердин милдетин аткарууну аркалоонун кажети бар беле?
— Дал ушул чакта өлкөнүн реформа өткөрүү боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар бизнес жана калкка чындап керек. Кырдаалды турукташтыруу боюнча иш планыбыз бар. Биздин негизги милдет — жарандардын, ишкерлердин, эл аралык коомчулуктун ишенимин калыптандыруу, кайсы бир бюрократиялык процесстерден улам соңку жылдары создуктурулуп келген реформаларды акыры ишке ашыруу. Эгер буларды жүзөгө ашыра алсак, өкмөттө ким орун алары мааниге ээ болбойт. Оюндун так эрежелери пайда болот.
— Бизнес бийликтен жардам сурап турат, мисалы, салык төгүмдөрүн убактылуу жое турууну өтүнүүдө. Себеби рыноктогу кырдаал кейиштүү. Өкмөт эмне сунуштай алат?
— Жазында, мамлекет коронавирус эпидемиясы менен бет келишкенде, кандай аракет кылуу керектиги тууралуу так түшүнүгүбүз да болбогонун билип коюу маанилүү. Бизнести катуу солгундаткан чаралар көрүлдү, биз булардын баарын жакшы түшүнүп турабыз. Бизнести колдоого сунушталган аракеттер жетишерлик эмес экенин ачык моюнга алуу керек. Бирок биз бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш алпардык. Өкмөт социалдык милдеттенмелерин аткаруудан баш тарта алмак эмес.
— Келиңиз башка мамлекеттердин колдоосу жөнүндө сүйлөшөлү. Азыр донорлордун көпчүлүгү Кыргызстанга жардам программасын убактылуу токтотту. Карыз сурабастан өлкөнүн ичинде каражат таба алабызбы?
— Мындай резервдер бар экенин ачык айтуу абзел. Бул маселелерди Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында көтөргөм. Кыйын убак, ошентсе да өкмөт тышкы кредиторлорго карызын төлөө боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарууда. Бул багытта эч кандай үзгүлтүк жана тобокелдик жок.
Ал гана эмес министрлер кабинетинин жыйынында Каржы министрлигине мамлекеттин социалдык милдеттенмелеринин баарын салыктан түшкөн кирешенин деңгээлине теңдөө тапшырмасы берилген. Бир-эки жыл аралыгында бул аткарылат деп үмүттөнөм. Эгер биз пландагандай ишке ашып калса, чет элдик каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө гана багытталат.
— Бирок бул үчүн ишкерлердин баары чынчылдык менен салык төлөөсү зарыл. Ал эми бизде айрым баалар боюнча экономиканын 60 пайызы көмүскөдө.
— Кимдир бирөө салык төлөөгө милдеттүү, ал эми кай бирлерине көз жуумп коюу, бири товарды расмий түрдө ташып, башкасы салык жана бажы төлөмдөрүн төкпөстөн иш алпарган көрүнүш менен күрөшүү зарыл.
Чындыгында бизде резервдер арбын, мисалга алкоголдук тармакты алалы. Бул багытта өндүрүмдүн басымдуу бөлүгү эсепке алынбастан жүгүртүлөрүн баары жакшы түшүнүшөт. Бул жөнүндө заводдордун кубаттуулугуна карап бүтүм чыгарууга болот. Биздин чек аралар аркылуу Евразиялык экономикалык союзга мүчө-өлкөлөргө өтүп жаткан товарлардын чоң агымын да унуткарууга болбойт.
Салык кызматы эми жазалоочу орган болбошу керек. Салыкчылар кызмат көрсөтүү менен ишкерлерди колдоого тийиш. Эгер ишкерлер аларды мындан ары эч ким кысымга албай турганын туюшса, бизнес көмүскөдөн чыга баштайт. Бирок муну менен катар эле көзөмөлдү күчөтүү керек. Айталы, Мамлекеттик салык кызматы компаниянын кандай айлантуусу бар, товарды кайдан алган, канча салык төлөөсү керектигине көз сала алган санариптештирүүнүн бардык механизмдерин пайдаланалы.
Жыл жаңырганча электрондук эсеп-фактураларды толук кандуу киргизүү, май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган тутуму боюнча маселелер чечилет. Ошондой эле азыркы убакта программалык жана виртуалдык көзөмөл-кассалык аппараттар жөнүндө көйгөй да курч турат.
Бизнестин бул чөйрөсүндө атаандаштык рыногун ачабыз, ишкер 15-16 миң сомго көзөмөл-кассалык машинаны сатып алып, айына 500 сомдон төлөйт же программалык камсыздоону 500 сомго көчүрүп алып, кыйла үнөмдөй алат. Бул – ар кимдин өз тандоосу.
— Азыр инвесторлорду коргоо жөнүндө маселе болуп көрбөгөндөй курч турат. Чет элдик ишкерлер өз капиталынын сакталышына кабатыр, ал түгүл бөлөк өлкөлөрдүн эң жогорку жетекчилиги аларды коргоону өтүнүүдө.
— Бул маселе биринчи ирет көтөрүлүп жаткан жок. Ал абдан курчуп турган 2010-жылды эстеңиз. Жергиликтүү калк менен компромисске келүү зарылдыгын моюнга алуубуз зарыл.
Албетте, адамдар экология, компаниялардын ишмердиги табиятка, аба менен суунун сапатына тийгизген таасирине кабатырланышат. Бирок кыргызстандыктар ошол ишканаларда биздин жарандардын көбүрөөк иштешине кызыкдар.
Мындай иш жүргүзүлүп жатат. Кырдаал татаал экенин ачык айткым келет, бирок биз жарандар да түшүнүү менен карайт деп ишенебиз. Себеби тоо-кен компаниясы — бул салык, жумуш орундары...
Инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо үчүн ишканаларды коргоо чаралары күчөтүлдү, бирок муну күч колдонуу ыкмалары менен гана чече албайсың, макулдашуу зарыл. Бул ар кыл тармактагы бардык компанияларга тиешелүү.