Ат-Башыда жүн, тери иштеткен кыргыз-өзбек ишканасын куруу пландалууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖүн, тери иштетүүчү фабрика. Архив
Жүн, тери иштетүүчү фабрика. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын Фергана району менен Ат-Башы районунун жетекчилери импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы району Өзбекстандын Фергана району менен кызматташат. Бул тууралуу акимчиликтин маалымат кызматы Facebook баракчасына жазды.

Райондун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Фергана облусуна барып, ишканалардын иши менен таанышкан. Алар ошондой эле Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт жаатында иш алып баруусу үчүн достук келишимине кол коюшту.

Ат-Башы районунан барган ишкерлер дагы өз тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, жүн, картошка экспорттоо жолун карашкан.

"Эки райондун жетекчилери Ферганага сырьё катары бергенге Ат-Башыда жүндөн жип чыгаруучу жана малдын терисин кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча сүйлөшүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Ага чейин Өзбекстандан да делегаттар Нарынга келүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0