07:17 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Депутаттардын тиешеси бар ишканалардын миллиондогон карызын кечүү сунушталды. Иликтөө

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
526610

Сөз болуп жаткан 25 субъект 1992-2000-жылдардын аралыгында Германия, Түркия, Россия, Индия, Япония, Нидерланд мамлекеттеринен, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктан техникалык насыя алган.

Өкмөт приватизацияланган 19 менчик ишкананын жана 6 мамлекеттик мекеменин 2 миллиард 237,2 миллион сом карызын кечүүнү сунуштап, парламенттин кароосуна киргизди. Кожоюндардын арасында депутат жана алардын дос, жакындарынын компаниялары да бар.

Мындан улам "эл өкүлдөрү жеке кызыкчылыгын түртмөлөп жатабы" деген күмөн ой жаралат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жеке компаниялардын артында ким турарын иликтеди.

Сөз болуп жаткан 25 субъект 1992-2000-жылдардын аралыгында Германия, Түркия, Россия, Индия, Япония, Нидерланд мамлекеттеринен, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктан техникалык насыя алган. Чет өлкөлүк валюта менен эсеп-кысап жүргүзүлүп сомго которгондо 553 миллион 794 миң сом болгон. Эгер муну азыркы валюта курсу менен эсептегенде, 1 миллиард 668,56 миллион сомду түзөт. Алар карызынын 30 пайызынан гана кутулуп, калганы убагында төлөнгөн эмес. Натыйжада пайыздары жана айып пулдары кошулуп, 4-5 эселеп төлөөгө мажбур болушту.

2019-жылдын 1-январына карата мамлекетке тиешелүү мекемелердин карызы 988 миллион 796 миң сомго жетсе, жеке менчик ишканалардын насыясы 1 миллиард 248,4 миллион сом болгон. Бул Финансы министрлигинин Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөткөн долбоорунда көрсөтүлгөн.

Аталган министрлик чет өлкөлүк валютанын курсу кескин өсүп ишкерлерди алсыратканын жүйө келтирип, карызын кечүү менен алардын абалын жакшыртып, мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү максат кылууда.

"Насыяга келген техникалар жана автобустар жогорулатылган баада сатып алынган. Аны иштеткен ишканалар өз учурунда атаандаштыкка туруштук бере албай, пайда көргөн эмес. Сомдун жыл сайын болгон девальвациясынан улам насыяларды чет өлкөнүн валютасы менен кайтарган субъектилердин финансылык абалы жылдан-жылга начарлады. 1998-жылы 1 АКШ доллары 19-29 сом болсо, 2000-жылы 48 сом, 2018-жылы курс 68-69 сомго өстү. Германиянын 1 дойчмаркасы 7,65 сомдон 22-23 сомго чейин көтөрүлдү. 2002-жылы ал дойчмарка еврого которулуп, курсу 2018-жылы 80,7 сомго жетти", — деп жазган Финансы министрлиги.

Төмөндөгү инфограмдан кайсы ишкананын канча карызы бар экенин жана аны кимдер жетектерин биле аласыздар.

Долбоорду өткөрүүгө үч жолу аракет кылышкан

Деген менен депутат Элвира Сурабалдиева муну мамлекетке чыккынчылык катары сыпаттайт. Эл өкүлү долбоорду өткөрүү үчүн айрым азыркы жана мурдагы депутаттар жан далбастап жүргөнүн билдирди.

"1990-жылдары кызматта отурган аткаминерлер мамлекеттик ишканаларды өтө арзан баада сатып алып "прихватизация" кылган. 30 жылдай иштетип жүрүштү. Карызын убагында кайтарбай коюп, эми "салыкчылардын эсебинен чогулган бюджеттен төлөгүлө" дегенин түшүнбөйм. Өзүнө өткөрүп алгандан кийин иштетиш керек да. Ал ошон үчүн ишкер. Колунан келбесе, башкаларга сатсын. Мамлекеттик ишканаларга көз жумсак болот, жеке ишканалардын карызын эмнеге жоёбуз?! Текшере келсең алар имаратын ижарага берип да акча жасашкан. Доллардын курсу өскөнүн бетине кармашат. Кечирип койгула, алар деле ошол баа менен иш жүргүзүштү да. Билишимче, муну азыркы айрым депутаттар жана бир экс-депутат түртмөлөп жатыптыр. Бул долбоорду депутаттар эки жолу сунуштап, ишке ашкан эмес. Үчүнчүсүндө өкмөткө шылтап Финансы министрлиги аркылуу алып келишүүдө", — деди Сурабалдиева.

Эл өкүлү ошондой эле долбоорду ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине алып келгенде өткөрбөй коюшканын белгиледи. Андан көрө социалдык объектилердин карызын жоюу туура болорун кошумчалады.

Карызды кечүүгө кызыкдар болгон депутаттар

2017-жылы депутат Иса Өмүркулов парламенттин жалпы жыйынында ушул долбоорго киргизилген транспорттук ишканалардын карызын кечүүнү демилгелеген. Бирок депутаттардын бир тобу каршы чыгып, колдоо тапкан эмес.

Депутат Жогорку Кенеша Иса Омуркулов
© Фото / пресс-служба ЖК
ЖК депутаты Иса Өмүркулов

2018-жылы финансы министри Адылбек Касымалиев сунуштап, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев токтом чыгарып Жогорку Кеңешке жөнөткөн.

Андан соң алты депутаттан турган жумушчу топ иликтеп "Максат" жана "Ошоблбасмаканасы" ишканаларын тизмеден алып салуу чечимин чыгарган. Калган субъектилердин карызын кечүүнү колдошкон.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

  • Дастан Бекешев, КСДП фракциясы;
  • Искендер Гайыпкулов, "Ата Мекен" фракциясы;
  • Кубанычбек Нурматов, "Кыргызстан" фракциясы;
  • Абылкайыр Узакбаев, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы;
  • Дүйшөн Төрөкулов, "Бир Бол" фракциясы;
  • Калдарбек Баймуратов, "Республика — Ата Журт" фракциясы.

Карызын өлкө бюджетине артып коюуга жан үрөп жаткан менчик ишканалар кимге тиешелүү экенине кызыктык. Жакшылап үңүлгөнүбүздө "мына, банкрот болуу алдында турат" делген айрым ишканалардан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана ири ишкерлердин карааны көрүндү.

Депутат Дастан Бекешевдин досунун компаниясы

Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев на заседании Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, где были представлены программа, структура и состав Правительства Кыргызской Республики.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
ЖК депутаты Дастан Бекешев

118,39 миллион сом карызын жоюп берүүнү сурап жаткан "Фармация" ишканасы ЖК депутаты, долбоорду анализдеген жумушчу топтун төрагасы Дастан Бекешовдун досу Тимур Матыевге таандык болуп чыкты. Алар университетте бирге окуган, 2015-жылы "Ак-Ниет" саясий партиясын негиздеген.

"Кыргызфармация" мамлекеттик фармацевтикалык ишканасынын жетекчиси Эркинбек Матыев 1995-жылы "Фармация" деген ат менен аны жеке менчикке өткөрүп алган. Ал Тимур Матыевдин атасынын бир тууган иниси болот. Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп, 2000-жылы Ат-Башыда аңчылыктан тик учак менен келе жатып кырсыктап, каза болгон.

Юстиция министрлигин сайтында Тимур Матыевдин мындан башка да бизнеси бар экени жазылып турат. Ал саламаттык сактоо тармагында иш алып барган "Новитер Фармасьютикалс" компаниясын да жетектейт.

"Эркин Медикалс" - Травматология жана ортопедия медициналык борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын директору "Каракол" лыжа базасынын жетекчиси Куванычбек Молдоусупов.

"Экспофарм" ишканасын Нуриса Айтбаева менен биргеликте негиздеген. Директору катары Айтбаева көрсөтүлгөн.

Дастан Бекешев өзү да Тимур Матыев менен бир партия түзгөнүн жана досу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ырастады.

"Ачык эле айтам, Тимур менин досум болот. Бирок бул жерде бир эле компания сунушталган жок да. Тимурдан эмнеге төлөбөй жүргөнүн сурасам, ал жетекчиликке 2010-жылы келгенин айтты. "Карыздарды төлөөгө аракет кылуудабыз. Азыр ишканаларыбыздын баары күрөөгө коюлуп, иштей албай жатабыз" деди. Мен бул жактан коррупция көргөн жокмун. Бул мыйзам долбоору өтсө да, өтпөсө да мага маселе жаратпайт. Жеке кызыкчылыгым жок", — деди депутат.

Ошондой эле Бекешев карызын кечпей менчик ишканалардын банкрот болушунан мамлекет пайда көрөрү күмөн экенин белгиледи.

"Насыяны товар түрүндө доллар менен алып, кийин курсу өсүп кеткенде төлөй албай калышкан. Азыр эки жолу бар. Биринчиси — пайыздарын, жаза пулдарын жоюп негизги суммасынын 50 пайызын төлөтүшүбүз зарыл. Экинчиси — буларды банкрот кылыш керек. Бирок анда мамлекет пайда табаар-таппасы белгисиз", — деди Бекешев.

Депутат Руслан Чойбековдун компаниясы

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматыда камалгандан кийин анын ордуна Руслан Чойбеков келген.

Депутат Жогорку Кенеша Чойбеков Руслан во время заседания
ЖК депутаты Руслан Чойбеков

Жарым миллиард сомдон ашуун карызын "кечип бергиле" деп жаткан "Касиет" камволдук – жип ийрүү фабрикасы" ушул депутатка таандык. Ал 2018-жылдын апрелинде мандат алып жатканда директорлукту Урмат Жолдошбековго өткөрүп, өзү негиздөөчү катары калган.

Ага чейин компаниянын негиздөөчүлөрү "Кыргызстан" фракциясын түптөгөн өлкөдөгү ири ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун апасы Ырысбүбү Абдыкеримова жана Чолпон Исмаилова эле.

Урмат Жолдошбеков "ВиАйПи Кейджи" деп аталган компаниянын да негиздөөчүлөрүнүн бири экени белгилүү болду.

Экс-депутат Айтмамат Назаровдун өнөктөшү

Депутат Жогорку Кенеша VI созыва от фракции Кыргызстан Айтмамат Назаров
ЖКнын мурунку депутаты Айтмамат Назаров

Беш миллион сом карызын төлөө оор болуп жаткан "Манас" ишканасынын директору Нурлан Казакбаев да белдүү бизнесмендердин катарын толуктайт.

Ал "Кок-Арт инвест" курулуш компаниясына ээлик кылат. Курулушка керектелүүчү таштарды чыгарган "Э.Р.К.-строй компани" ишканасынын директору. Аны Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Мирлан Туманов менен биргеликте ачкан.

Ошондой эле Казакбаев товарларды дүңүнөн алып сатуу менен алектенген "Ак-Таш-Курулуш и КО" компаниясынын директору. Ишкананы жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырып, "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын директорлугуна барган Айтмамат Назаров, Кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо департаментинин Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын начальниги Алманбек Осмонов менен биргеликте негиздеген.

Өзү 2010-жылы "Республика" партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, мандатка жеткен эмес. Бирок 2012-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

Токтайым Үмөталиеванын күйөөсү

Ал эми 85,5 миллион сомдук карызы бар "Транс-Союз-Азия" ишканасынын директору Жунушбай Үмөталиев - жарандык активист Токтайым Үмөталиеванын жолдошу. Бул компанияны 2004-жылы Хорт Григорийден өткөрүп алган.

Мындан сырткары, ал Ниязбек Эрдоолатов жана күйөө баласы, ырчы Максат Бегалиев үчөө жүргүнчү ташыган "Бейкут" фирмасын негиздеген. Директорлук кызматты Бегалиев аркалайт.

Кошумча кирешеси бар ишканалар

Өкмөт карызын кечип коелу деген ишканалардын катарындагы "Биримдик" ААКнын директору Кубанычбек Табышов Талас — Бишкек каттамы аркылуу эл ташыган "Жаатай-Автотранс" ишканасын да жетектейт. Анын негиздөөчүсү Жапарбек Жээналиев.

"Токмок" жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын директору Изат Исманкулов "Инас" деп аталган жүргүнчү ташуучу ишканага ээлик кылат. Ушул эле тармактагы дагы бир "Ишенич" компаниясын негиздегендердин бири.

"Ак-Тилек" ААКнын директору Дамир Абдукаримов адистештирилбеген товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген Aqua Life Group компаниясына ээлик кылат.

Министр эмне дейт?

Жаңы дайындалган финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик мекемелерге айла жок экенин, бирок жеке ишканалардын карызын кечүү туура эместигин айтууда.

Кандидат на должность министра финансов КР Бактыгуль Жээнбаева на внеочередном заседании ЖК
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

"Бул мыйзам долбоору мурунку министрликтин учурунда даярдалган. Биз кайра карап жатабыз, менин оюмча, муну өзгөртүш керек. Мамлекеттик органдар баары бир төлөй албайт. Жеке ишканаларды дагы дыкат текшерсек, төлөгөнгө шарты бар болуп чыгышы мүмкүн. Азыр өкмөт менен кеңешип жатабыз. Мага кимдир бирөө жеке кызыкчылыгын коргоо үчүн кайрылган жок. Негизи минтип карызын жоюп, прецедент кылбашыбыз абзел", — деди Жээнбева.

Насыялар эмнеге жумшалган?

"Касиет" камволдук – жип ийрүү фабрикасы", "Рот Фронт" айыл чарба кооперативи, "Мата", "Ошоблбасмаканасы", "Ак-Тилек", "Достук" ишканалары Индия, Германия жана Япония тарабынан берилген насыяга ишмердүүлүгүн илгерилетүү үчүн техника жана жабдуулар менен камсыз болушкан.

Ал эми "Фармация" менен "Ысык-Көл Фармация" компаниялары Дүйнөлүк банк жана Япониянын насыясын дары-дармек сатып алууга жумшаган.

"Ош", "Балыкчы" жана "Токмок" жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканалары, "Транс-Союз-Азия", "Максат", "Баткен", "Карасуу автотранс", "Биримдик", "Жибек-Жолу" жана "Манас" болуп жалпы 11 компания Mitsubishi Maraton, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү 28 автобус алышкан. Муну Германия жана Түркия мамлекети насыя түрүндө берген.

Жогорудагылар менчик ишканалар болду. Ал эми мамлекетке караштуу мекемелер насыяны төмөнкүчө алган:

"Ош автовокзалдар жана автостанциялар ишканасы" бир автобус алган. Компания азыр жоюлуп "Ош автовокзалы" деген аталышта Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Кыргыз автобекети" ишканасынын филиалы болуп калды.

Ал эми Караколдогу муниципалдык транспорттук жүргүнчүлөр автобазасына төрт автобус берилген.

Транспорт жана жолдор министрлигине Япония, Германия өкмөтү, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан кредит берилген. Ага асфальт төшөөчү "Ремиксер" техникасын, жол курууга керектелген техникаларды, автобустарды жана ар кандай тетиктерди сатып алганы айтылат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Япония, Нидерланд жана Дүйнөлүк банктан алынган насыяга өсүмдүктөрдү коргоо жана отоо чөптөрү менен күрөшүүгө багытталган техника сатып алышкан. Мындан сырткары, комбайндарга тетиктерди Германиядан насыя түрүндө алып келишкен.

Суу чарба департаменти (азыркы Суу ресурстары агенттиги) Дүйнөлүк банктын, Япониянын кредитин техника түрүндө алган. Тагыраак айтканда, транспорт каражаттары, жер казуучу техникалар, тетиктер менен жабдуулар жана насостук-күч агрегаттар.

Ысык-Көл облустук администрациясы Россия берген насыянын эсебинен Каракол шаарында курулуп жаткан от казан үчүн жабдууларды жана керектүү тетиктерди алган.

Тема боюнча

Кыргызстанга насыя бергендерге ар бир жаран 600 доллардан карыз. График
Белгилер:
Элвира Сурабалдиева, Руслан Чойбеков, Дастан Бекешев, иликтөө, депутат, ишкана, карыз, насыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ