Нарында кырылган мал... Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАлтын казуу. Архив
Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Солтон-Сары жайлоосунда айылдыктардын малы жапырт кырылууда. Буга жергиликтүүлөр кытай инвестору иштеткен алтын кенинде жүргүзүлгөн иштерди айыптоодо.

Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришкен. Буга мал ээлери кытайлык ишкананы күнөөлөп жатат.

Алтын кенин Zhong Ji Mining Company иштетет. Sputnik Кыргызстандын редакциясы ушул ишкана тууралуу фактыларды тизмектеп чыкты.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
1. КР рыногунда аталган компания 2006-жылдан тарта иш алып барат. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын карамагындагы Солтон-Сары кенинде баалуу металл казат. Божомолдор боюнча мында алтындын жалпы кору 20 тоннанын тегерегинде.

2. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, "Zhong Ji Mining Company кытай-кыргыз ишканасы" ЖЧКсынын жетекчиси Сюй Говэй, ал эми түптөөчүсү "Чайна Голд Гонконг Бучук Майнинг Компани Лимитед". Негизги ишмердик түрү — табигый минералдарды жана тоо тектерин казуу.

3. Говэйге чейин Zhong Ji Mining Company ишканасын У.Сяоган жетектеген, ал эми 2014-жылдагы маалыматка караганда, фирманы Гао Чон Ронг башкарган.

4. Солтон-Сары кенин чалгындоо жана иштетүүгө биринчи лицензияны аталган компания 2008-жылы алган. Ал кезде Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилген. Үч жылдан соң, тагыраагы 2012-жылы Zhong Ji Mining Company ЖЧКсына кендин үч тилкесин тең — Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр участокторун чалгындоо жана иштетүүгө лицензия берилген. Ишкана аларды 2030-жылга чейин ижарага алган.

5. 2011-жылдын августунда кенде башаламандыктар болуп, жыйынтыгында алты адам жабыркаган. Эмгекчил айылынын жашоочулары инвесторлордун аракеттерине нааразылыгын билдиришкен. Компаниянын кеңсесинин тушуна 300 чакты киши чогулуп, кендин кытай ишкерлерине берилишине каршы чыгышкан. Кер-мур айтыш тирешке айланып кетип, үч чет элдик жараат алган. Митингчилердин алдын тороп турган үч милиционер да жабыркаган. Кылмыш иши козголуп, ал эми кендеги ишти убактылуу токтотушкан.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
6. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын февралында Нарын облусунун жогоруда аталган үч айылынын тургундары Zhong Ji Mining Company ишканасына кенди иштетүүгө берилген лицензияны жокко чыгаруу талабын койгон, алардын айтымында, компания келишимдин шарттарын аткарган эмес. Табигый ресуртар министрлиги (учурдагы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги) кырдаалды териштирүүнү адистерге табыштаган.

7. Былтыр инвесторлор Бучук тилкесинде алтын ылгоочу фабрика курууну пландаганы, ал 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрү маалымдалган. Бирок 2018-жылдын май айында жергиликтүү жүздөй тургун Солтон-Сары жайлоосунда комбинаттын курулушун токтотууну талап кылган. Айылдыктар суусун пайдаланган арыкка комбинаттын калдыктары агып кирерин айтып чыгышкан. Кийинчерээк Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов комбинат баары бир куруларын, себеби Zhong Ji Mining Company ишканасынын колунда кен казууга уруксат берчү бардык зарыл документтер бар экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0