19:15 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
1035 0 0

Чакан бизнеске насыя алуунун шарты кандай, чекене соода менен алектенгендерге берилеби жана арзан турак жайдын курулушу кандай каржыланат? Бул туурасында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев айтып берди.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (КРӨФ) 2014-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгондон кийин өлкө экономикасын жаңылоо максатында түптөлгөн. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларга барабар. Ишин баштагандан бери фонд чейрек миллиард доллар насыя берүүгө үлгүрдү.

РКӨФнын төрагасы Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстанга берген маегинде коомчулук талкуулап келген ири долбоорлордун бири тууралуу жана чакан бизнес эгелери кайсы учурларда насыя ала аларынан кеп салып берди. Баарлашуубуздун дагы бир урунттуу учуру – арзан типтеги курулушту каржылоо боюнча президенттин тапшырмасы болду.

— Фонд "Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча арзан типтеги курулушту каржылай турган болду. Мындай тапшырма президент тарабынан берилди. Бул абдан жагымдуу жаңылык, биздин киреше деңгээлибизди эске алганда көпчүлүк үчүн ипотека — турак жайлуу болуунун жападан жалгыз жолу болуп калды. Бул туурасында кенен түшүндүрүп берсеңиз.

— Биздин фонд керектөөчүлүк, анын ичинде ипотекалык насыя бере албайт. Өзүн өзү актай алган гана долбоорлорду каржылайбыз. Ошол себептен президенттин тапшырмасынан соң биз арзан типтеги турак жай тургузуу үчүн курулуш ишканаларын каржылоо программасын иштеп чыктык.

— Курулуш компанияларына карыз канча пайыз менен берилет? Алар бул каражатка эмнелерди сатып ала алышат? Буга кандайдыр чектөөлөр барбы?

— Насыя өндүрүш каражаттарын сатып алууга, тагыраагы, курулуш техникасы менен жабдыктарга төрт пайыз менен насыя берилет. Бирок ага курулуш материалдарын сатып алууга болбойт, себеби бул биз насыя бере албай турган жүгүртүүчү капиталды толуктоо болуп саналат. Ошондуктан жүгүртүүчү капиталды толуктоого жумшай биле турган каражат тартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Менимче, бул бир жылга 7-8 пайыздык ченди түзөт. 

Член правления Российско-Кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев: биздин фонд өзүн өзү актай алган гана долбоорлорду каржылайт

— Батирлер, менин билишимче, 80 чарчы метрден ашпаган аянтта болууга тийиш. "Жеткиликтүү турак жай" программасында ушундай жобо бар. Мындай турак жайдын наркы канча болот?

— Ооба, программада батирдин аянты 80 чарчы метрден көп болбоого тийиштиги жазылган. Ал эми толук бүткөрүлгөн үйдүн бир чарчысы 60 миң сомдон же 850 доллардан ашпоосу зарыл. Баалардын кымбат болушу программанын курулуш каатчылыгына чейин каралгандыгына байланыштуу. Азыр болсо толук бүткөрүлгөн турак жайды мындан да арзан баада табууга болот.

— Насыя өзү деги качан бериле баштайт?

— Программа бекитилди. 1 миллион доллардан көп насыяны фонддон, эгер бул суммадан аз болсо, анда өнөктөш банктар аркылуу алууга болот. Биз бүгүн каалашса бүгүн курулуш ишканаларынан тапшырык кабылдоого даярбыз.

— "Азия Молл" соода борбору фонддун каражатынын эсебинен курулган. Бул көп собол жаратты. Насыянын тарыхы кандай эле, азыр эмне болуп жатат?

— Биринчиден, фонд эмне үчүн өндүрүштү эмес, соода борборун каржылады деп көп сурашат. Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык келишиминде фонд кайсы тармактарды каржылай тургандыгы белгиленген. Анын ичинде соода да бар. Бирок биз соода-коммерциялык амалдарды каржылабайбыз, себеби алар каражаттын жок болуп кетишине алып келет. Кеп кеминде 5 миң чарчы метр аянттагы соода инфраструктуралык объектиде. Бул элдин товарларга оңой жетүүсүнө жардам берет.

Бул жагынан ондогон жылдар бою бүткөрүлбөй турган объект орун алган жердеги "Азия Молл" калаага куп жарашып калды. Андан тышкары, фонддун каржылоосу 40 пайыздан ашкан жок, каражаттын басымдуу бөлүгүн объектинин ээлери чыгарды. Коомчулукта талкууланган саясий факторду тыш калтырып, бизнес жагынан алып караганда аталган соода борбору талапка жооп берген эле карыз алуучу болуп саналат. 

Член правления Российско-Кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев во время подписания документов на пленарном заседании в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эркин Асрандиев: чакан жана орто бизнес насыяны биздин банк өнөктөштөрүбүздөн алат. Күрөө коюп алчу бул насыялар 5 миңден 1 миллион долларга чейин

— Карыздын берилиш себептери түшүнүктүү. Насыянын көлөмү канча эле, качан жабылууга тийиш?

— Төлөө мөөнөтү — алты жыл. Алгач карыз 17,4 миллион доллар өлчөмүндө бекитилген, бирок иш жүзүндө 16,3 миллиону гана сарпталып, 1,1 миллиону үнөмдөлдү. Анан да миллионун мөөнөтүнөн эрте жабышты. Мындай ыргакта 3-4 жыл аралыгында насыя толук жабылып бүтөт.

— Майда жана орто бизнес үчүн насыя 5-10 пайыз менен берилет. Бул шарттарга кимдер ылайык келет? Эгер мен, мисалы, чемичке сатсам, насыя берилеби?

— Чакан жана орто бизнес насыяны биздин банк өнөктөштөрүбүздөн алат. Күрөө коюп алчу бул насыялар 5 миңден 1 миллион долларга чейин. Мындан тышкары, күрөөсүз микрофинансылоо жана жаңы башат алган иштерди каржылоону киргизип жатабыз. Жеке насыялар 200 миң, же топторго жарым миллион сомго чейин берилет. Үстөк чени жылдык 14 пайызды түзөт. Микрофинансылоо уюмдарынын үстөк чени 32-34 пайызга чейин жетет.

Бул насыялардын баары максаттуу жана бардык эле тармактарга берилет. Соода амалдары, ичимдик жана чылым өндүрүшү каржыланбайт. Каражат жүгүртмө капиталды толтурууга пайдаланылбайт. Ага жабдык, техника, өндүрүштүк жайды, инфраструктуралык объектилерди гана алууга болот.

Ал эми айыл чарба тармагында мөмө байлаган көп жылдык бактардын көчөтү, асыл тукум мал алуу үчүн берилет.

— Асыл тукум элеби?.. Эгер борго байлоо үчүн бир нече торпок сатып алгым келсе кандай болот?

— Ооба. Согумга мал алуу жүгүртмө капитал категориясына кирип калат. Негизи эле максаттарды тандоо логикасы — бул өндүрүштүн негизги фонддорун, анын ичинде чакан бизнести заманга бап кылуу жана кеңейтүү болуп саналат. 

Член правления Российско-Кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев
© Фото / пресс-служба РКФР
Эркин Асрандиев: соода амалдары, ичимдик жана чылым өндүрүшү каржыланбайт. Каражат жүгүртмө капиталды толтурууга пайдаланылбайт

— Соңку соболумда бир гана сандан башка цифра болбойт. Былтыр Ысык-Көлдү сүзүп өткөнсүз. Бүтүндөй 15 чакырым аралык эле. Биздин редакциядагылар сиздин спорттук даярдыгыңызга айран таң калышкан. Кийинки багындырган "бийиктик" кандай болот?

— Былтыркы жарыш абдан оор болгон. Быйыл андай максаттарды койгон жокмун. Үч ай мурун фондду жетектөөгө дайындалдым, ал себептен ишке бүт ыкласымды койдум. Машыгууга да убакыт табылбай калат, ал эми кең аралыкты сүзүп өтүүгө режимди сактоо зарыл. Бирок кыялым дагы деле ошол бойдон.

Тема боюнча

Шамкеев: мамлекеттик ипотека алчулардын кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
Белгилер:
Эркин Асрандиев, насыя, курулуш, маек

ЭҢ МААНИЛҮҮ