Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Ишенкуловдун робототехника курсуна баш багып, ал жердеги жаш балдардын жөндөмүнө күбө болду. Балдар унаа чогултуп, атургай өзүнүн компьютердик оюндарын иштеп чыгууга үйрөнүшөт экен.
— Кандайча микроэлектроника менен алектенип калдыңыз?
Анан мен башка жол издей баштадым. "Манас" университетиндеги бекер окууга кызыгып калып, бирок окуу жайдын тестин тапшыра албай калдым. Ишенсеңер, окуу жайдын кире беришинде адамдын көптүгүнөн мен кире албай калдым. Андан соң Эл аралык "Ата-Түрк — Ала-Тоо" университетинде микроэлектроника боюнча инженер адистигине окууга боло турганын угуп, документтеримди алып барып таштадым. Ата-энем бул учурда менин тандоомо тоскоол болбогонуна ыраазымын, анткени окуумдун акысы жакшы эле болчу.
Баса, "Каржы жана насыя" бөлүмүнө 70 адам тапшырып, аларды эки топко бөлүп койгон. Ал эми инженерликке мени кошкондо төртөө гана тапшырып, үчүнчү курста группада өзүм жалгыз эле калгам.
— Жалгыз окуган студентти элестетип жатам…
— Ой, бул боюнча "Көчүрүп алба", "Калган студенттер эмнеге сабактан качып кетти?", "Эми тизме боюнча кетели" деген тамашалашчу мугалимдер. Көбүнчө мугалимим экөөбүздүн сабагыбыз буфетте өтүп, кофе ичип отурчубуз.
—Микроэлектроника боюнча инженер адистигине тапшырууну каалагандардын аз болгону мага деле түшүнүктүү. Кыргызстанда бул кесип боюнча жумуш деле жок да?
— Меникиндей адистикти аяктагандардын айлык маянасы, банк кызматкерлердикине караганда көбүрөөк. Бул кесип менен телефон оңдогон салондо да, заводдо да иштесе болот. Мисалы, мен, студент кезимде компьютерлерди оңдоп өзүмдү жакшы эле каржылай алчумун. Бир жолу 10 күн ичинде эле 650 доллар тапкам.
Бишкектин көп заводдору инженер жок болгондуктан жөн эле турат. Ал жактарда 50-60 жаштагы адистер иштешет, алар болсо жаңы муундун техникасын, микроэлектрониканы, программалаганды билишпейт. Мындан улам ойго келбеген акчага чет өлкөлөрдөн инженерлерди жалдашат. Кийин алар кетишет, техника кайра бузулат, анан кайра аларды сырттан чакыртууга туура келет.
Кыргызстанда инженер орточо эсеп менен 50-60 миң сом акча табат. Окуу жайды мага чейин аяктаган бүтүрүүчүлөр азыр Араб Эмирлигинде, Малайзияда, Индияда иштеп жүрүшөт. А мен бирөөнүн алдында иштегим келбейт.
— Балдарга робот жасаганды үйрөтүү идеясы кандайча жаралып калды?
— Студент кезибизде биз радиосигналдардын жардамы менен кол телефондордун кичине лампочкаларын күйгүзгөндү үйрөнгөнбүз. Ошондо мен бул нерсе балдарга да кызык болсо керек деп ойлоп койгом. Кийин бир канча жыл өткөндөн кийин Чыңгыз Макешовдун ("Ишкерликти өнүктүрүү фонду" ишканасынын жетекчиси) Facebook баракчасына кокустан кирип калдым. Мен аны инвестиция тартууга жардам берет деп ойлобой эле жөн гана сүйлөшкүм келген.
Интернеттен тапкан дарек боюнча барсам, курс ачууга жеңилдетилген насыя ала аларымды айтты, ошону менен ушул курсту ачып калдым. 300 миң сом насыя алып ал акчага Алматы шаарына барып, керектүү жабдыктарды алдым.
— Насыя алып жатып корккон жоксузбу?
— Ооба, коркунучтуу болду, эки күн уктабай чыккам. Өмүрүмдө биринчи жолу насыя алып, эки айдан бери аны төлөй баштадым. Менин максатым — инженерлердин жаңы муунун өстүрүү. Азыр баары жайкы каникулга чыгышты. Учурда менде 30га чукул бала билим алып жатат. Эң кичинекейи алты жашта болсо чоңдору 8-класста окушат. Курстун баасы кымбат деле эмес. Окуучулар жумасына эки жолу бир саат 40 мүнөт билим алышат.
— Баарын таштап салгың келген учурлар болду беле?
— Ооба, бирок бактыга жараша менин абдан жакшы командам бар. Биз бир гана балдарды окутпастан, жаңы нерселерди да ойлоп, иштеп чыгабыз. Маселен, азыр буйрутма менен "акылдуу" үй жасап жатабыз. Буга буйрутма берген адам жакында эле жаңы үй куруп, баарын телефон менен башкарсам дейт.
— "Акылдуу" үй? Кантип?
Биздин чоң максаттарыбыз бар. Менин командамдын мага жаккан жери эгер бизге ракета кое бериш керек деген тапшырма келсе, колубуздан келбейт деп эч ким кетенчиктебейт. Тескерисинче, канча мотор жана күйүүчү май кетет деп эсептөөгө киришебиз. Анткени анын баарын жасаса болот.