"Айыл банк" жаңы кеңсесинин ижарасына 21 млн. сом төлөмөкчү. Ысырапкорчулукпу же...

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРабочий красит фасад здания банка. Архивное фото
Рабочий красит фасад здания банка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айыл банк" учурдагы кеңсенин ижара акысына жылына 8,5 миллион сом төлөп келген. Ал эми жаңы кеңсенин бир жылдык акысы 21 миллион 212 миң 400 сомду (300 миң доллар) түзөт. Бул мурдагыга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Мамлекетке караштуу "Айыл банк" ачык акционердик коому жакынкы аралыкта "Вефа" борборуна көчкөнү жатат. Анын ижара акысы айына 25 миң долларды түзөт (жылына 300 миң доллар). Бул банк үчүн абдан кымбатка турарын депутат Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастан Жумабеков
Депутат Дастанбек Джумабеков  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Жумабеков

Анын айтымында, банк мамлекетке караштуу имаратка көчүп, бир топ акча үнөмдөп калса болмок.

"Айыл банк" быйыл келишими аяктай турганын алдын ала эле билген. Буга ылайык, 1-2 жыл мурда мамлекетке тиешелүү имарат таап, ичин оңдоп-түзөп алышса болмок. 300 миң доллар башка бирөөнүн чөнтөгүнө кеткиче, өлкөгө пайда болот эле да", — деди депутат.

Ал ошондой эле банк мамлекетке тиешелүү болгондуктан каражатты сарамжалдуулук менен колдонууга милдеттүү экенин белгиледи.

Находка останков костей мамонта в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Палеонтолог: Көлдө табылган мамонттун сөөгү акчанын жоктугунан изилденбей турат
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Айыл банк" менен байланышып, бул маселенин чоо-жайын тактап көрдү. Банктын өкүлү Айнура Саякбаева мекеме "Вефа" борборунда үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен тарта иштей баштарын билдирди.

"Аталган борбордогу кеңсе акысы бир чарчы метрине 660 сомду (9,5 доллар) түзөт. Буга байланыштуу ижара акысы үчүн жылына 21 миллион 212 миң 400 сом (300 миң доллардан ашык) төлөөгө туура келет", — деди адис.

Эгер бул маалыматтарга таянып эсеп сала турган болсок, көчө турган жаңы имараттын жалпы аянты 2678 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, "Айыл банктын" учурдагы башкы кеңсеси Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашып, мамлекетке карайт. Имаратты ижарага алуу келишими 2012-жылдын 17-январында түзүлгөн.

"Келишим үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин гана созулгандыктан башка имаратка көчүүгө туура келди. Буга байланыштуу банк "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамынын негизинде сынак жарыялаган. Ага эки компания катышып "Аруу Жылдыз" ЖЧКсы жеңип чыкты. Алар менен бир жылга 21 миллион 212 миң 400 сомдук келишим түзүлдү", — деп кабарлашты банктан.

Саякбаева ошондой эле ижара акынын кымбатташы банк кызматтарынын баасынын жогорулашына алып келбей турганын белгиледи.

Мечеть в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Шарият жарандык кодекске кире баштады. Жөнү барбы?
"Айыл банктын" маалыматына караганда, учурдагы Пушкин көчөсүндө жайгашкан кеңсенин аянты 2 445 чарчы метрди түзөт. Ал үчүн бир жылга 8 миллион 500 сом төлөнүп келген. Эми банк жаңы кеңсеге көчкөндөн кийин мурдагыга салыштырмалуу ижара акысы үчүн 12 миллион 712 миң 400 сом ашык төлөмөй болот. 

Салыштыруу үчүн айтсак, эски кеңсе менен жаңы имараттын ижара акысына төлөнүүчү каражаттын ортосундагы айырма 2468 пенсионердин бир айлык пенсия менен камсыздоого жетмек.

Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылганда фонддун төрагасы Болсунбек Казаков учурда банк үчүн бош имарат изделип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / пресс-служба госагентства антимонопольного регулирования КРМамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков
Директор Госагентства антимонопольного регулирования Болсунбек Казаков - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков

"Айыл банк" эки ай мурун имарат сурап кайрылган. Бирок бул мезгил аралыгында бош жай табылган жок. Учурда ылайыктуу имарат издештирип жатабыз", — деди Казаков.

Эске салсак, буга чейин учурдагы "Айыл банктын" имаратына Борбордук шайлоо комиссиясы көчүп келери белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0