00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Меняющие мир
Аскар Салымбеков: «Человек должен постоянно совершенствоваться»
12:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
Социалистик эмгектин баатыры Таштанбек Акматовдун эмгеги — “Кыргыз ак топозу”жаңы асыл тукум катары мамлекеттик каттоодон өттү
13:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему транспортные коридоры становятся полем мировой конкуренции
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кооперациялар менен иштешүүсү зарыл
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Накыл кеп: өткөндөн калган сөзбү же бүгүнкү күндүн сабагыбы?
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
21:09
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Палеонтолог: Көлдө табылган мамонттун сөөгү акчанын жоктугунан изилденбей турат

© Фото / пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиНаходка останков костей мамонта в Иссык-Кульской области
Находка останков костей мамонта в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр март айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнан мамонттун баш сөөгү табылган. Кыргызстандык илимпоздор аны казып, Бишкекке изилдөө үчүн алып келишкен.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдөн табылган мамонттун сөөгү каражаттын жоктугунан улам изилдене электигин палеонтолог Айзек Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы март айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнан мамонттун баш сөөгү табылган. Кыргызстандык илимпоздор аны казып, Бишкекке изилдөө үчүн алып келишкен.

Бакиров мамонттун баш сөөгү гипстелген боюнча эле Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда сакталып турганын кошумчалады.

"Каражаттын тартыштыгынан улам мамонттун баш сөөгүн изилдөө иштери токтоп турат. Мындан сырткары, аны изилдөө үчүн кошумча шаймандарды жана каражаттарды алыш керек. Тилекке каршы, алар бизде чыкпайт. Андыктан аларды чет мамлекеттен алыш керек. Ошентсе да акча жок деп эле кол куушуруп отурган жокпуз. Түрдүү долбоорлорду жазып акча издештирип жатабыз", — деди ал.

Таласта 1980-жылдары табылган мамонттун азуу тиши Кара-Буурадагы мектепте сакталуу
Бакиров ошондой эле былтыр күзүндө Жыргалаң өрөөнү окумуштуулар тарабынан иликтенип, дагы майда-чүйдө сөөктөр табылганын белгиледи. Бирок кеңири изилдөөлөр баягы эле каражаттын тартыштыгынан улам толук жүргөн эмес.

"Акча болбогондуктан көп жүрө алган жокпуз. Изилдениши керек болгон перспективдүү аймактарды атайын картага түшүрдүк. Кеңири иштерди жүргүзгөнгө каражат керек", — деди ал.

Палеонтолог гипстелген сөөк абдан морт болгондуктан аны чет мамлекетке алып чыгып текшерүүгө да мүмкүн эместигин белгиледи. Анткени сөөк жолдо упураланып калышы толук мүмкүн.

"Сөөктөрдү чет мамлекеттерге алып барганга азыркы абалы жол бербейт, ал жеткиче эле упураланып түшүп калат. Себеби абдан жумшак. Эгер катуу болгондо жиберсек болмок. Ошол эле учурда башка чет элдик илимпоздордун бизге келип чогуу изилдөө иштерин жүргүзүү сунуштарын колдойбуз. Андайларга чектөө жок", — деди ал.

Кыргызстандын илимпоздору эгер мамонттун сөөгү тийиштүү деңгээлде иликтенсе илимге жаңылык киргизерин билдиришкен болчу.

Жок болуп кеткен кайсы жаныбарлардын сөөктөрү Кыргызстанда табылган бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0