23:51 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (408)
641 0 0

Кыргыз адабиятынын кадырлуу өкүлдөрүнүн бири, акын жана сынчы Сүйөркул Тургунбаев тууралуу Sputnik Кыргызстан бир нече фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Бешик-Жон айылынын уулу. Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылдын 12-июнунда азыркы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караган Бешик-Жон деген айылда туулган. Бул жер айтылуу Акман айылынан тоо тарапка кеткен тилкеде жайгашкан. Бала чагында жетим калып, 7-класстан кийин Базар-Коргондогу интернатта окуйт. Ошол жерде аны-муну жаза койгон баланы Алтынбаев аттуу мектеп директору жакшы көрүп, агасына айтып, колу жука агасы коюн сатып, жүз сом колуна карматып, Жалал-Абаддан Фрунзенин учагына салып, бактысын кудайдан тилеп кала берет. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, ал жерде беш жыл окуйт. Ортолукта, III курста Кызыл-Кыяга барып, үч ай мугалимчилик кылып, балдарга орус тилинен сабак берип да келет.

Алайда мергенчи-мугалим атыккан. 1964-жылы жаңы диплом алган жаш мугалимди Агартуу министрлиги Алайга айдайт, ал кезде Фрунзеде иштеп калуу өтө кыйын эле. Иштеген мектеби Бүлөлү айылында тоо арасында болгондуктан кышында мергендер класстын терезесин черткилеп, жаш агайды өздөрүнө кошуп алып аңчылыкка алып кетчү. Ошол достору менен Чоң-Алайга, Кытай чегине, Памирге чейин барып, эл-жер көрөт. Алайда бир жылдай иштеп, бери жылайын деп аракет кылып Фрунзеге жол тартат.

Бааланбай калган алгачкы эки китеби. Жаш акындын жупкадай жука биринчи китеби балдарга арналган ырлардан турган "Бизде баары сүйлөйт" деген ат менен 1966-жылы басылган. Андан кийин "Салам, жаш өмүр" деген жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн. Бул эки китеби окурмандар чөйрөсүндө да, адабий сында да көп сөзгө алынган эмес.

Адабий чөйрөгө тааныткан жана өгөйлөттүргөн "Кечки троллейбус". Мындай аталыштагы ыр китеби 1969-жылы чыккан. Кыргыз жаштар поэзиясына жаңы ысым келгенин демонстрациялаган бул кибиреген китеп чын эле улуттук адабиятыбыз жаңы нукка бурулуп жаткандыгын, жаңы окурман үчүн жаңы ойлорду, заманбап формаларды табууга куштарлык ички кыртыштан да өнүп чыкканын өзгөчө бөлүп көрсөттү. Ошол жылдарда орус адабиятында Е. Евтушенко, Р. Рождественский, Б. Ахмадулина, Ю. Кузнецова, А. Вознесенский ж.б. "эстрадачы" акындар концерттик залдарга, аянттарга, көчөлөргө чыгып алып, башкача бир ырларын окуп дүңгүрөтүп турган. "Акындарга бергиле жайлоолорду, акындарга бергиле түрмөлөрдү, акындарга бергиле аскар тоону, акындарга бергиле мейкиндерди, деңиздерди бергиле акындарга, бүт ааламды бергиле акындарга!" – деген тургунбаевдик стиль чынында эле өзгөчөлүү болгон. Дал ошол өзгөчөлүк, элге окшобогондук анын китеп чыгаруу ишине кедергисин тийгизди. "Кечки троллейбуска" көп ырларын коштурбай коюшкан, анысы чыккандан кийин да басмалар анын ыр китептерин он жыл бою планга киргизбей кармап жүрдү.

Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Сталиндин үйүндө. 1980-жылы "Кыргызстан маданияты" газетасында адабий сын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрөт. Апрель айынын бир күнү Грузин ССРинин борбору Тбилисиге театр сынчыларынын сегиз күндүк Бүткүл союздук симпозиумуна жиберилет. Жыйын жыйынтыкталган кезде – 8-күнү Тбилисиден 60 чакырым жердеги Сталиндин Гори районундагы үй-музейине бир автобус менен 32 кишини экскурсияга алып барат. Райондун борборуна келгенде ал жердин биринчи секретары тосуп чыгып, өзү Сталиндин үй-музейине баштап барат. Баарын көрүп бүткөндөн кийин конок ээси эч кимге сөз бербей, өзү гана тамадалык кылып, алтымыш градустук чачаларын аябай ичирген экен. Эч кимге тост бербей жатып эле, анан бир убакта четте отурган кыргыз жигитке сөз бериптир. Ошондо кыргыз акыны мындай дептир: "Я литературный представитель из Киргизии. Передаю Вам привет от великих сынов Киргизии великим сынам Грузии. От высоких гор Киргизии – высоким горам Грузии. У нас талантливо переведена на киргизский язык великая поэма-дастан Шоты Руставели "Витязь в тигровой шкуре". Растут джигиты и девушки с именем Тинатин и Афтандил, Тариель и Дарежан, и Нурадин. Эти герои грузинского эпоса, в их образах выражены идеалы великой дружбы и любви". Ошондо биринчи секретарь ордунан шарт туруп, шартылдап басып келип, аны кучактап, көкүрөк кагыштырып грузинче акцент менен: "Дорогой, на три дня останся, будь моим гостем. Я покажу тебе мою красивую жену и двоих сыновей. А потом весь мой район Гори – овощеводство, животноводство, чаеводство, виноградство", — деп сураныптыр.

Ош тополоңунда ортодо калган. 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун проректору Жээналы Шериевдин чакыруусу менен аталган окуу жайына жолугушуу үчүн барат. Жолугушуу ийгиликтүү өтөт. Кайра кайтар кезде этникалык кагылыш болуп кетип, акын калаймандын ортосунда калат жана бул трагедия эмнеден улам от алганын дароо эле окуянын күбөсү катары жазып, айтып чыгат.

Бала кайгысы жана ырдын жаралышы. 1977-жылы акындын турмушунда оор кайгы болду. Жети жашар тун уулу Жангарач Аламүдүн сайындагы көлмөгө чөгүп кетти. Ааламат күндө калган акын өз арманын ырга айтып, "Бала жөнүндө ыр" аттуу чыгарма жазды. Жеке кайгысын ушунчалык терең берген бул чыгарма кыргыз поэзиясында поэма-элегиянын эталону катары далай окурмандарды ыйлатты.

Алишер Навоини "кыргызга айланткан". 1991-жылы январда Өзбекстанда Навоинин 550 жылдык мааракесинин алдында анын казалдарын дүйнөнүн 22 тилине которуп, бир китеп кылып чыгаруу маселеси коюлган. Кыргызстандан тандалып алынган Тургунбаев Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасы Адыл Якубовдун чакыруусу менен Хамза Хакимзада атындагы чыгармачыл үйдө 22 мамлекеттен келген акындар менен бир ай чогуу жүрүп, Алишер Навоинин казалдарын кыргызча которуп, ал которгондору "Вахо гули" ("Өлбөстүк гүлү") деген ат менен Ташкентте 22 тилде жарык көргөн. Иш-чара арасында Самаркан шаарына чакырып, калаа башчысы бапылдап ойногон керней-сурнайлары, гүл менен түрдүү даамдарды сунган кара каш сулуу кыздары менен тосуп алат. Имам Бухарийдин мечити, Хусейин Байкаранын тушунда Алишер Навои эмир болуп иштеп, жашаган үй-музейи, Мырза Улукбектин обсерваториясы, Эмир Темир курдурган Бүбү ханумдун мавзолейи, Регистан аянтындагы тарыхый жайлар менен тааныштырат. Кечки салтанатта үчүнчү болуп Тургунбаевге сөз берет. Ошондо акын: "Ассалоому алейкум, байыркы самаркандык тургундар! Силерге өзүңөр билген Айкөл Манастын элинен салам айтамын! – деп, зал толгон элди дүңгүрөтө кол чаптырат.

"Алишер Навои бабабыз мындан 550 жыл мурда падыша Хусейин Байкаранын тушунда анын оң кол увазири, Самаркандын эмири катары сиздердин араңыздарда жашап, "Куштардын тили", "Лайли менен Мажнун", "Фархад менен Ширин" сыяктуу дастандарды жана тасафуф жолундагы көөнөрбөс улуу казалдарды жараткан. Араб тили менен фарс тили үстөмдүк кылып турган ошол заманда бардык түрк тилдүү элдердин өкүлү катары жогоруда аталган улуу чыгармаларын көшөрүп түрк тилинде гана жазуу менен түрк элдеринин адабияты менен маданиятынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзүп, мартабасын арттырган. Азыр ошол түрк тукумдары ыркынан кетип, бири-бирине бычак кайрап жаткан учурда (90-жылдагы Ош окуясын эске түшүрө) Алишер бабабыздын арбагы бизди эсиңерге келгиле деген таризде бүгүн Самарканга чогултуп отурат", – деп келип, акындын казалынын кыргызча котормосун окуйт.

"Мен кан жутуп бул жахандан бир асыл жан издедим, лекин аны таппай сыздап азап даамын искедим", — деген саптар жаңырат. Кечеден кийин самаркандык коңурат кыргыздар атайын басып келишип, акындын колун кысып, ыраазычылык билдирген.

Философиялык поэзиянын чебери. "Кечки троллейбус" жыйнагынан (1969) соң анын "Жарыктын ыры" (1979), "Эки аска" (1982), "Касиет" (1985), "Жылдыз" (1988), дагы бир жолу "Жарыктын ыры" (1990), "Күндүн көзү" (2005), "Жагалмай канат жапан ыр" (2011), "Күн теңирдин күмүш нур" (2017) деген китептери кыргызча, "Признание в любви" (1973), "Новый день" (1989) деген китептери орусча чыкты. Тургунбаев көп жазган жок, бүт жазганы болсо эки том болор, болбосо бир эле том. Бирок ал өзүнчөлүгүн, жеке акындык дидарын көрсөтө алды. Бул чыгармачыл киши үчүн, деги эле инсан үчүн өзгөчө нерсе эмеспи. Биринчи кезекте акын ойлордун поэзиясын жаратат, б.а. анын көп ырлары тирүүчүлүктүн ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө акыл чаргытат жана окуп жаткан кишини да бу дүйнө-тиги дүйнө, жашоонун маңызы, өлүм-өмүр жөнүндө ой калчоого мажбурлайт. Экинчиси, ал ассоциативдүү ой туюмундагы акын, б.а. ойлорду жана сөздөрдү, саптарды жана турмуштук кырдаалдарды бири-бири менен окшотот, жакындатат, алыстатат, карама-каршы кылат. Үчүнчүдөн, ал эмоциялуу акын, предметин жай баяндаганга караганда буркан-шаркан түшкөн сөз дайрасы менен нөшөр сындуу сабалап айтып берүүнү жакшы өздөштүргөн. Төртүнчү бир нерсе – акындын ырларында сөздөр жаңы кырынан көрүнүп, башка бир түсүн стилистикалык-эмоционалдык жагдайга ылайык кубулта калат да, балык сууда туйлагандай дат басып жаткан кыргыздын көөнө сөздөрү, өзгөчө түштүк лексикасы ырларда туйлап чыгып, күтүлбөгөндөй жаңы поэтикалык баа-баркы бар сөз айкаштары, сүйлөм курулмалары, антонимдик, синонимдик түрмөктөр пайда болот. Мунун өзү тилчилерден дыкат изилдөөнү талап кылган кызыктуу кубулуш.

Монгол араттарынын ырын мыкты которуп берген. Тургунбаев котормо өнөрүндө да өз талантын көрсөтө алды. Анын котормосунда кыргыз окурмандары А. Навои, Б. Машрап, К. Шаакерим, Букар жырау, Сүйүнбай Арон уулу, Магамед, Бердак, М. Шаханов, М. Канот, Я. Шиваза сыяктуу чыгыш акындарынын жана Э. По, Рильке, М. Лермонтов, В. Маяковский, Е. Евтушенко, А. Вознесенский өңдүү батыш классиктеринин ырлары, монгол элдик поэзиясынын берметтери менен таанышкан. Батыш жана Чыгыш классикасынан, араттар деп аталган монгол дыйкан жана малчыларынын фольклорунан тартып, замандаш калемгерлерге чейин ар түрдүү улуттагы, ар кыл адабий багыттагы, стилдеги акындарга кайрылуу ал үчүн теңдешсиз билимкана, өнөркана мектеп болсо, окурман үчүн эбегейсиз олжо болгон. Анын котормосундагы "Араттар ыры" жыйнагы кыргыз адабият таануусунда өзгөчө котормо катары белгиленип жүрөт.

Чыңгыз Айтматовду которгон жана сын айткан. Сын тармагында 1978-жылы анын "Замандаштын дүйнөсү" аттуу адабий сын макалалар жыйнагы жарык көргөн. Тургунбаев залкар жазуучу Айтматовдун орус тилинде жазган макалаларын, маектерин, сүйлөгөн сөздөрүн кыргызча мыкты которгондордун бири. Анын түзүүсүндө ошол материалдарды камтыган "Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат" деген китеп 1988-жылы жарык көргөн. Адабий коомчулук, окурмандар чөйрөсү Тургунбаевди 2002-жылы аты дүйнөнү дүңгүрөтүп турган Чыңгыз Айтматовду сынга алган макалалары менен да өзгөчө тааныды.

Үй-бүлөсү. Жубайы Гүлүмкан Имашова Ысык-Көлдүн Тоң районуна караган Кара-Шаар айылынын кызы. Көп жыл энциклопедиянын башкы редакциясында иштеди. Ошол Тоңдун "Айкөл" чарбасынын жетекчиси, айтылуу саяпкер жана экс-депутат Замир Мукашов менен акын Роза Мукашова Сүйөркул Тургунбаевге көп жыл каралашып жүрдү. Акындын бир уулу жети жашында сууга чөгүп кетсе, бир кызы элүү эки жашында жаман дарттан каза тапты, байбичесинен да айрылып, кенже уулдун колунда калды. Жаштегин аттуу баласы ушул тапта Диарбакыр университетинде иштейт, Түркияда кадыр-барктуу илимпоз доктор.

Акындын чыгармачылык жолу изилдөөгө алынды. Анын чыгармачылыгы тууралуу Кадыркул Даутов, Омор Сооронов, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Калыбек Байжигитов, Жамгырбек Бөкөшев, Кадырбек Матиев, Эсенбай Нурушов, Самсак Станалиев, Бекташ Шамшиев, Абдыкерим Муратов, Түмөнбай Колдошов ж.б. адабиятчылар изилдөө макалаларын жазды, Венера Калматова "Сүйөркул Тургунбаевдин поэтикалык дүйнөсү" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоду.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (408)

Тема боюнча

Обу жок элирбей, өмүрдү бошко кетирбей, оку! "Бала ырчы" Сыдык жөнүндө 10 факты
Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр
Белгилер:
Кыргызстан, акын, адабият, поэзия

ЭҢ МААНИЛҮҮ