https://sputnik.kg/20260527/1101542628.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту Новиков Кыргызстан ЕАЭБдин өндүрүш чынжырчасынын бир бөлүгүнө айланып калганын айттыАянтта окулган... 27.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-27T11:00+0600
2026-05-27T11:00+0600
2026-05-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1b/1101542462_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1681be559b35bd6e81d925ecf8b90579.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту Новиков Кыргызстан ЕАЭБдин өндүрүш чынжырчасынын бир бөлүгүнө айланып калганын айттыАянтта окулган Айт намазга президент, Жк төрагасы катышышты. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттин куттуктоосунда Курман айт – кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн экени айтылат. Ошондой эле кыргызстандыктардын эң башкы байлыгы – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы экенин эске салган өлкө башчысы ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалаган. Муну менен катар Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулган Курман айт намазына президент Садыр Жапаров да катышты.Мамлекет башчы менен кошо Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев жүрдү. Бул сапар да аталган аянтта миңдеген кыргызстандыктар болду.
Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын планы, Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына жана анын Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик 25-саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстан ЕАЭБдин өндүрүш чынжырчасынын бир бөлүгүнө айланууда. Бул тууралуу Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, мурда Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБ ичинде негизинен соода жана реэкспорт рыногу катары кабыл алынса, азыр кырдаал өзгөрдү. "РКӨФ эми өзүнчө долбоорлорду эмес, жалпы ЕАЭБ рыногу үчүн иштеген өндүрүштөрдү каржылоого өтүп жатат. Бул тармактар мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импортко көз каранды болчу", — деди Новиков. Ал фармацевтика, сапаттуу курулуш материалдарын жана өнөр жай товарларын өндүрүү негизги багыт болуп жатканын белгиледи.
Бишкек шаарында күн ысыкта муниципалдык жолдордун сакталышын камсыздоо максатында оор жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Мэриянын тескемесине ылайык, 20-майдан 1-октябрга чейин саат 09:00дөн 19:00гө чейин абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгондо, жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу машиналардын шаардын муниципалдык жолдорунда жүрүүсү чектелет. Чектөө муниципалдык жолдорго тиешелүү. Төмөнкү учурларга бул тартип сакталбайт: гуманитардык жардам, тамак-аш жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган автоунааларга; атайын уруксат менен өтүүчү ири габариттүү жана атайын жүктөргө; жол куруу, оңдоо жана мамлекеттик маанидеги иштерде пайдаланылган автокөлүктөргө. Тиешелүү райондордун администрацияларына жана Бишкек шаардык милициясына маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды. Мэрия айдоочуларды жана транспорт компанияларды киргизилген убактылуу чектөөнүн талаптарын сактоого чакырды.
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту Новиков Кыргызстан ЕАЭБдин өндүрүш чынжырчасынын бир бөлүгүнө айланып калганын айттыАянтта окулган Айт намазга президент, Жк төрагасы катышышты. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттин куттуктоосунда Курман айт – кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн экени айтылат. Ошондой эле кыргызстандыктардын эң башкы байлыгы – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы экенин эске салган өлкө башчысы ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалаган. Муну менен катар Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулган Курман айт намазына президент Садыр Жапаров да катышты.Мамлекет башчы менен кошо Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев жүрдү. Бул сапар да аталган аянтта миңдеген кыргызстандыктар болду. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын планы, Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына жана анын Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик 25-саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан ЕАЭБдин өндүрүш чынжырчасынын бир бөлүгүнө айланууда. Бул тууралуу Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, мурда Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБ ичинде негизинен соода жана реэкспорт рыногу катары кабыл алынса, азыр кырдаал өзгөрдү. "РКӨФ эми өзүнчө долбоорлорду эмес, жалпы ЕАЭБ рыногу үчүн иштеген өндүрүштөрдү каржылоого өтүп жатат. Бул тармактар мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импортко көз каранды болчу", — деди Новиков. Ал фармацевтика, сапаттуу курулуш материалдарын жана өнөр жай товарларын өндүрүү негизги багыт болуп жатканын белгиледи. Бишкек шаарында күн ысыкта муниципалдык жолдордун сакталышын камсыздоо максатында оор жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Мэриянын тескемесине ылайык, 20-майдан 1-октябрга чейин саат 09:00дөн 19:00гө чейин абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгондо, жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу машиналардын шаардын муниципалдык жолдорунда жүрүүсү чектелет. Чектөө муниципалдык жолдорго тиешелүү. Төмөнкү учурларга бул тартип сакталбайт: гуманитардык жардам, тамак-аш жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган автоунааларга; атайын уруксат менен өтүүчү ири габариттүү жана атайын жүктөргө; жол куруу, оңдоо жана мамлекеттик маанидеги иштерде пайдаланылган автокөлүктөргө. Тиешелүү райондордун администрацияларына жана Бишкек шаардык милициясына маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды. Мэрия айдоочуларды жана транспорт компанияларды киргизилген убактылуу чектөөнүн талаптарын сактоого чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1b/1101542462_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_645a78e0dbf4b27bb75c878a0e28a687.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио