19:07 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)
49510

Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын жолун улап, алгачкылардан болуп окуучулар үчүн бир нече китеп жазып, өмүрүн билим берүүгө арнаган Ташым Байжиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы көпчүлүк окурмандарга кызык болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жашоосундагы оор күндөрдү, камактагы жагдайларын жана уул-кыздарына болгон кусалыгын эскерип, жазуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Атасынан эрте ажыраган бала. Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жети жашында ата-энеси менен кошо Кытайга качып, ал жактан ачарчылыкты, кыйын күндөрдү башынан өткөргөн. Кайра мекенге кайтып келе жатканда катуу ооруп жүргөн атасы жолдо каза болгон.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Жаш калемгер. Кыргызстанда тестиер бала молдодон сабак алып, борборго билим алууга кетүүгө камынып жаткан Касымалы Жантөшевди көрүп калып, аны менен кошо 16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон. 30-жылдары өзүнүн повесть, аңгемелерин жарыялай баштайт.

Белгилүү акын Жусуп Турусбеков ал жылдары жаш Байжиевдин дараметин төмөнкүдөй баалаган.

"Ташым жакшы жигит. Адабиятты жакшы түшүнөт. Таланттуу, аман болсок көрөрсүң, келечекте татынакай чыгармаларды жаратарына көзүм жетет. Буга бутун тосуп бөгөт болгондор да бар", — деген кезинде акын.

Сүйүктүүсү үчүн ыйлап. Ошол жылдары жаш студент Айша Түмөнбаева менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бир нече жылдан кийин ага үйлөнөм деп жүргөн. Бирок сулуу кыз тилчи Кусеин Карасаевди жактырып калган эле. Кийин досу Зыяш Бектенов шолоктоп жаш баладай ыйлаган Ташымдын абалын минтип сүрөттөгөн.

"Ташым, бүгүн мен сени менен коштошоюн деп ээрчитип келдим. Сен мени мындан ары унут. Мен башка жигит менен баш кошмок болдум" дегенде көзү караңгылап, Ташым ыйлап жиберди ", — деп жазган ал.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев с супругой и современниками
© Фото / из архива семьи Байжиевых
16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон.

Жоголгон повесть. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Ташым өзүнүн жаш замандаштары менен элдин кат-сабатын жоюу үчүн аймактарга кетип, азыркы Алай районунда агартуучулукту аркалап иштеп калган. Ошол жактан басмачылардан качып, ар кайсы жерде түнөп жүрүп 20 жашында Үркүн жөнүндө жазган "Турмуш чөлүндө" повестинин кол жазмасын жоготуп жиберген. Ошентип жаш таланттын ал эмгеги жарыяланбай калган.

Окуу китептерин иштеп чыгып... 1933-жылы СССРдин аймагындагы улуттардын эне тили боюнча окуу китептерин түзүү тууралуу токтом кабыл алынат. Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн. Кийин досу Зыяш Бектенов менен Касым Тыныстановдун жетектөөсүнүн аркасында бешинчи жана алтынчы класстын "Биздин адабият" окуу куралын даярдайт. 30-жылдардын соңунда кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү биринин артынан бир камалып жатканда жаңыдан аты чыгып келе жаткан тилчи камактан араң кутулган. Агартуучулук менен илимди айкалыштырган калемгер Кыргыз педагогикалык институтунун орус тили, адабияты факультетине тапшырып, аны 1940-жылы ийгиликтүү бүтүрүп Тарых, тил жана адабият илим-изилдөө институтуна жумушка алынып "Манас" секторун жетектейт.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев с родными
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн.

Согуштагы жаракат жана "Манас". Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Ташым Байжиев өз ыктыяры менен фронтко аттанып, 1944-жылы Украинда оор жаракат алган соң кайтып келип СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын "Манас" жана фольклор секторун башкарып калат. Ал жакта эмгектенгендер менен биргеликте улуу эпостун 1100 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярданып, үчилтиктин текстин түзүүгө киришкен. Өзү 1947-жылы Муктар Ауэзовдун жетектөөсүнүн алдында "Семетей" эпосу боюнча кандидаттык диссертациясын жазууга киришет.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев с современниками
© Фото / из архива семьи Байжиевых
8-класс үчүн "Биздин адабият" китебинин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.

Өрттөлгөн китептер. Ошол маалда Исхак Раззаков башында турган аткаминерлер, окумуштуулар жыйын өткөрүп, жогорку класстагы окуучуларга кыргыз фольклору жана адибияты боюнча китеп чыгаруу маселеси ортого салынат. Анда эки ынак доско 8-класс үчүн "Биздин адабият" китебин жазуу тапшырмасы берилип, сегиз айда даяр болот. Эмгектин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.

Бөтөн жердеги азаптуу өлүм. Жаш окумуштууларга катуу чабуул башталып курулай доомат айтылып, кызматтан алынып, Байжиев "эл душманы", "улутчул" делип камалып кетет. Бектенов экөө коңшу Казакстандын аймагындагы Караганда лагерине он жылдан кесилип кетишет. Байжиевдин келинчеги Мария Фрунзеде эки кыз, эки уулу менен калып, жолдошун узак убакыт күткөн.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Ташым Байжиев Караганданын түрмөсүндө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.

Абактан жазуучу үй-бүлөсүнө кат жазып турган. Түрмөдө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.

Аны менен бирге жүрүп калган ардагер журналист Түкөй Кекиликов Ташым Байжиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн минтип баяндаган.

" Менин акыбалым начар, адам болушум кыйын. Үйгө кат жазба. Атабыз келет деп үмүт кылып жүрө берсин. Кийин түңүлгөндө түшүнөр", — деп жашыды да, алсырап кетти. Кайрат айттым. Эртеси да чакырып кетишти. Барсам Ташым тилден калыптыр, ошол күнү эле каза болуп калды", — деп эскерген.

Анын бир уулу Мар Байжиев учурда белгилүү жазуучу, драматург.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)

Тема боюнча

Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты
Поэмасын окоптон жазган. Акын, жазуучу Жусуп Турусбеков жөнүндө 6 факты
Белгилер:
Ташым Байжиев, факты, окумуштуулар, жазуучу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ