Балдарын көрүүнү эңсеп жүрүп түрмөдө көз жумган. Ташым Байжиев жөнүндө 9 факты

© Фото / из архива семьи БайжиевыхКыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын жолун улап, алгачкылардан болуп окуучулар үчүн бир нече китеп жазып, өмүрүн билим берүүгө арнаган Ташым Байжиев жубайы менен. Архив
Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын жолун улап, алгачкылардан болуп окуучулар үчүн бир нече китеп жазып, өмүрүн билим берүүгө арнаган Ташым Байжиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын жолун улап, алгачкылардан болуп окуучулар үчүн бир нече китеп жазып, өмүрүн билим берүүгө арнаган Ташым Байжиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы көпчүлүк окурмандарга кызык болсо керек.
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жашоосундагы оор күндөрдү, камактагы жагдайларын жана уул-кыздарына болгон кусалыгын эскерип, жазуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Атасынан эрте ажыраган бала. Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жети жашында ата-энеси менен кошо Кытайга качып, ал жактан ачарчылыкты, кыйын күндөрдү башынан өткөргөн. Кайра мекенге кайтып келе жатканда катуу ооруп жүргөн атасы жолдо каза болгон.
© Фото / из архива семьи БайжиевыхКыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Жаш калемгер. Кыргызстанда тестиер бала молдодон сабак алып, борборго билим алууга кетүүгө камынып жаткан Касымалы Жантөшевди көрүп калып, аны менен кошо 16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон. 30-жылдары өзүнүн повесть, аңгемелерин жарыялай баштайт.
Белгилүү акын Жусуп Турусбеков ал жылдары жаш Байжиевдин дараметин төмөнкүдөй баалаган.
"Ташым жакшы жигит. Адабиятты жакшы түшүнөт. Таланттуу, аман болсок көрөрсүң, келечекте татынакай чыгармаларды жаратарына көзүм жетет. Буга бутун тосуп бөгөт болгондор да бар", — деген кезинде акын.
Сүйүктүүсү үчүн ыйлап. Ошол жылдары жаш студент Айша Түмөнбаева менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бир нече жылдан кийин ага үйлөнөм деп жүргөн. Бирок сулуу кыз тилчи Кусеин Карасаевди жактырып калган эле. Кийин досу Зыяш Бектенов шолоктоп жаш баладай ыйлаган Ташымдын абалын минтип сүрөттөгөн.
"Ташым, бүгүн мен сени менен коштошоюн деп ээрчитип келдим. Сен мени мындан ары унут. Мен башка жигит менен баш кошмок болдум" дегенде көзү караңгылап, Ташым ыйлап жиберди ", — деп жазган ал.
© Фото / из архива семьи Байжиевых16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон.
Жоголгон повесть. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Ташым өзүнүн жаш замандаштары менен элдин кат-сабатын жоюу үчүн аймактарга кетип, азыркы Алай районунда агартуучулукту аркалап иштеп калган. Ошол жактан басмачылардан качып, ар кайсы жерде түнөп жүрүп 20 жашында Үркүн жөнүндө жазган "Турмуш чөлүндө" повестинин кол жазмасын жоготуп жиберген. Ошентип жаш таланттын ал эмгеги жарыяланбай калган.
Окуу китептерин иштеп чыгып... 1933-жылы СССРдин аймагындагы улуттардын эне тили боюнча окуу китептерин түзүү тууралуу токтом кабыл алынат. Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн. Кийин досу Зыяш Бектенов менен Касым Тыныстановдун жетектөөсүнүн аркасында бешинчи жана алтынчы класстын "Биздин адабият" окуу куралын даярдайт. 30-жылдардын соңунда кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү биринин артынан бир камалып жатканда жаңыдан аты чыгып келе жаткан тилчи камактан араң кутулган. Агартуучулук менен илимди айкалыштырган калемгер Кыргыз педагогикалык институтунун орус тили, адабияты факультетине тапшырып, аны 1940-жылы ийгиликтүү бүтүрүп Тарых, тил жана адабият илим-изилдөө институтуна жумушка алынып "Манас" секторун жетектейт.
© Фото / из архива семьи БайжиевыхТашым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн.
Согуштагы жаракат жана "Манас". Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Ташым Байжиев өз ыктыяры менен фронтко аттанып, 1944-жылы Украинда оор жаракат алган соң кайтып келип СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын "Манас" жана фольклор секторун башкарып калат. Ал жакта эмгектенгендер менен биргеликте улуу эпостун 1100 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярданып, үчилтиктин текстин түзүүгө киришкен. Өзү 1947-жылы Муктар Ауэзовдун жетектөөсүнүн алдында "Семетей" эпосу боюнча кандидаттык диссертациясын жазууга киришет.
© Фото / из архива семьи Байжиевых8-класс үчүн "Биздин адабият" китебинин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
8-класс үчүн "Биздин адабият" китебинин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.
Өрттөлгөн китептер. Ошол маалда Исхак Раззаков башында турган аткаминерлер, окумуштуулар жыйын өткөрүп, жогорку класстагы окуучуларга кыргыз фольклору жана адибияты боюнча китеп чыгаруу маселеси ортого салынат. Анда эки ынак доско 8-класс үчүн "Биздин адабият" китебин жазуу тапшырмасы берилип, сегиз айда даяр болот. Эмгектин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.
Бөтөн жердеги азаптуу өлүм. Жаш окумуштууларга катуу чабуул башталып курулай доомат айтылып, кызматтан алынып, Байжиев "эл душманы", "улутчул" делип камалып кетет. Бектенов экөө коңшу Казакстандын аймагындагы Караганда лагерине он жылдан кесилип кетишет. Байжиевдин келинчеги Мария Фрунзеде эки кыз, эки уулу менен калып, жолдошун узак убакыт күткөн.
© Фото / из архива семьи БайжиевыхТашым Байжиев Караганданын түрмөсүндө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ташым Байжиев Караганданын түрмөсүндө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.
Абактан жазуучу үй-бүлөсүнө кат жазып турган. Түрмөдө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.
Аны менен бирге жүрүп калган ардагер журналист Түкөй Кекиликов Ташым Байжиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн минтип баяндаган.
" Менин акыбалым начар, адам болушум кыйын. Үйгө кат жазба. Атабыз келет деп үмүт кылып жүрө берсин. Кийин түңүлгөндө түшүнөр", — деп жашыды да, алсырап кетти. Кайрат айттым. Эртеси да чакырып кетишти. Барсам Ташым тилден калыптыр, ошол күнү эле каза болуп калды", — деп эскерген.
Анын бир уулу Мар Байжиев учурда белгилүү жазуучу, драматург.
Жаңылыктар түрмөгү
0