Түркиядагы кинофестивалда кыргызстандык студенттин фильми 1-орунду алды
Түркиядагы кинофестивалда кыргызстандык студенттин фильми 1-орунду алды
Sputnik Кыргызстан
Аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды. 21.11.2020, Sputnik Кыргызстан
Аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Түркияда өткөн эл аралык кинофестивалда кыргызстандык студент Гүлнара Айтмаматованын "Тайгак жол" даректүү тасмасы 1-орунду алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.
Кадры из документального фильма "Скользкая дорога" кыргызстанки Гульнары Айтмаматовой
Стамбулда өткөн бул иш-чарага бир нече өлкөдөн бир топ жаш режиссёрлор онлайн форматта катышкан. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн ысымын кечээ, 20-ноябрда, жарыя кылды. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлгөн.
"Тайгак жол" — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Айтмаматованын дипломдук иши. Ал тоо арасында жашаган чабандын кызы Каныкейдин кыялындагы келечекке болгон умтулуусу жөнүндө баяндайт.
Фильмдин көркөм жетекчиси — Молдосейит Мамбетакунов. Операторлор — Максат Имеров жана Асан Жанталиев. Ал эми үн режиссерлук менен монтаждоо иштерин Хайрулла Рахматилла уулу жасаган.
Бул фильм ноябрдын аягында Екатеринбург шаарында өтө турган "Россия" кинофестивалына катышмакчы. Сайтта аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды.