Гириш Малик Индияда жылдызы жанган режиссер. Миллиондогон тургундардын көңүлүнөн түнөк тапкан тасмаларды тартып келет. Бул мырза Кыргызстан ар кыл долбоорлорду ишке ашырчу мыкты аянтча болуп берерине ишенет. Ошондой эле бул тасмадан соң Борбор Азия аймагында дагы далай долбоорлор тартылат деп эсептейт.
— Кыргызстанда тарткан тасма жөнүндө айтып берсеңиз.
— Турмуштан алынган окуяга негизделген абдан күчтүү фильм. Балдардын билим алышы жана тарбиясы боюнча көйгөйлөргө багытталган. Бейөкмөт уюмдун жанкечтиликке даярдалып жаткан афгандык наристелерди кан майдандан куткарган кызматкери туурасындагы окуя фильмдин сюжетине негиз катары алынган.
Бул – байкуш балдарды өз жанынан кечүүгө жана башкаларды да өлтүрүүгө даярдашканы тууралуу, ошондой эле алардын оң багытка түшүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн киши жөнүндө баян. Балким сиздерде индия тасмалары туурасында көндүм пикирлер жашайт чыгар, бирок бул тасма абдан жакшы, көңүлгө жакын кино болот. Ашыкча, ыксыз көбүртүлүп-жабыртылбайт, болгону турмуштан алынган окуя жаңыча чагылдырылат.
— Тасмага кимдер тартылды?
— Фильмде Болливуд жылдыздары Санжай Датт и Наргис Факхри тартылат. Биринчиси – мыкты мырза ролун жараткандыгы жана комедиялык ролду мыкты аткаргандыгы менен Filmfare сыйлыгынын лауреаты.
Наргис Факхри — индиялык модель жана актриса, абдан татына кыз. Ал "America's Next Top Mode" шоусуна катышкан. Актердук кадамы 2011-жылы "Рок-жылдыз" болливуд фильми менен башат алган.
Анан тасмага жергиликтүү тургундар да тартылды.
Кыргызстандык актерлордун иштегени да мага абдан жакканын белгилей кетейин. Байкашымча, биринчиден, алар сүрөткө абдан жакшы түшүп, экинчиден, абдан эмгекчил келишет экен, тасма тартуудагы катаал шарттарга да кайыл болушту. Эң башкысы – мен алардан режиссер катары эмнени талап кылып турганымды илгиртпей баамдай билишти.
— Фильмдин бюджети кандай?
— Тасмага биз 4 миллиондун тегерегинде сарптадык. Ишти баштаганда тасма тартуу менен алектенген бир нече топтор менен тааныштык. Долбоордун чыгышын торогон тоскоолдук каражат маселеси болду.
Миллионер болбогон соң мындай көрүнүш – чоң жаңылыштык. Кыргызстандын шартында тасма тартуу үчүн инвесторлорду өлкөдөн тыш жактан издөө зарыл. Конкурстук долбоорлорду жаратып, ар кыл фестивалдарга жиберүү керек. Кандай болсо да, мен өзүм ошентем, ийгилиги жаман эмес. Тасмаларымдын бири "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
— Эмнеликтен дал биздин Кыргызстанда тасма тартууну чечтиңиз?
— Көп өлкөлөрдө болдум, көптөгөн кооз, кызыктуу жерлерди билем. Тасма тартууга киришерден мурун Азербайжан, Казакстанда болдум, бирок дал ушул жерден издегенимди таптым. Бул жер кандайдыр бир бөтөнчөлүккө ээ. Мага тоолор, талаа, көлдөрдүн көрүнүшү камтылган аянтча зарыл эле. Фильмде дин темасы да козголот, ошондуктан сюжет боюнча жаратылыш кооздугунан сырткары, мечит жана бейиттердин көп болушу да маанилүү болчу.
Индиялык көрүүчү үчүн бул жер абдан укмуш сезилет. Бишкек бөлөкчө архитектурасы бар саркеч калаа экен, маселен, 10 чакырым жүрүп-жүрбөй эле тоого жетип каласың. Тасманын негизги бөлүктөрүндө жандуу, калкы жыш шаардагы турмуш көрсөтүлөрүн тактай кетейин. Каракол шаары, Ысык-Көл, Памир тоо этектери, ошондой эле түштүк аймактардын көрүнүшү да тасмага түштү.
— Кыргызстанга адеп келгениңиздеги алган таасириңиз кандай эле?
— Өлкөңүздөргө бир нече ай мурун келгенбиз. Өз көзүбүз менен баарын көрүп, кадрга кандай жарашарын баалоого тийиш элек. Адегенде Бишкекте болдук, андан кийин Ошко сапар алдык. Ал жак жайгашышы боюнча тасма тартууга абдан ылайык келди.
Чындыгында Кыргызстан абдан кооз, балким, жергиликтүү элдин көзү каныгып калып, бул жердин керемет кооздугун элес албай калган чыгар. Түндүк жана түштүктүн башкы шаарлары тоолор менен курчалганы мага абдан жакты. Мындай кооздуктан улам калаалар абдан кулпуруп турушат.
Соңку жылдары мында ыраактан батыштагыдай асман тиреген имараттардай курулуштар пайда болуп жатыптыр. Шаарда калк жыш деле жайгашкан эмес. Кишини өзүнө тартып турган шаар, бул жерлердин кандайдыр айырмачылыктары бар. Бул менимче, жергиликтүү элде байкалат го дейм. Кыргыздын меймандостугу жана ачыктыгы ичимди жылытты. Кандайдыр көмөк керек болуп калганында жергиликтүү тургундар, көбүнесе, англис тилин билбегени да жардамын аябады. Буга да карабастан, тил табышып жаттык.
Анан да бул жердин ашканасы укмуш, тамактарынын даамы таңдайда калат экен. Улуттук тамак-аш дароо эле көңүлүмө уюган. Бул жердин тамактарынан баш тарта албай жатып, салмак да коштум.
— Кыргыз кызын алгач көргөнүңүздө кандай ойдо болдуңуз?
— Кыргызстанда дагы канча убакыт болосуздар?
— Сапарыбыз карып калды, келерки айда кетебиз. Жаңы жылды Кыргызстанда утурлап, бул жакта кандай белгилешерин көргүбүз келди. Салттар абдан кызык, элге бул майрам абдан маанилүү экенин билем. Адамдар даамдуу тамактарды жасап, үйлөрүн кооздоп, бири-бирине белек беришет. Андан кийин чыгармачыл тобум менен бирге фильмди монтаждоо үчүн Индияга кайтам. Чоң экранга тасма 2018-жылдын күзүндө чыгат, балким Кыргызстанда да көрсөтүлүшү мүмкүн.