"Ата керээзин" тарткандар Барселонада мыкты режиссер аталышты

© Фото / Дастан Жапар уулуФильм "Завещание отца" ("Атанын керээзи")
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасма Барселонада өткөн кинофестивалда "Эң мыкты режиссер" наамына татыктуу болду

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасын тарткан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу Барселона шаарында өткөн V Азия кинофестивалында "Эң мыкты режиссер" наамын жеңип алышты. Бул тууралуу тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу социалдык баракчасына жазды. 

"Биздин тасмабыз Барселонада өткөн V Азия кинофестивалында "Эң мыкты кинорежиссер" наамын жеңип алды. Фестивалдын уюштуруучуларына жана калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз", — деп жазды тасманын жаратуучусу.

"Ата керээзи" буга чейин Италияда өткөн кинофестивалда да байгелүү орунга илинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0