БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасын тарткан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу Барселона шаарында өткөн V Азия кинофестивалында "Эң мыкты режиссер" наамын жеңип алышты. Бул тууралуу тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу социалдык баракчасына жазды.
"Биздин тасмабыз Барселонада өткөн V Азия кинофестивалында "Эң мыкты кинорежиссер" наамын жеңип алды. Фестивалдын уюштуруучуларына жана калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз", — деп жазды тасманын жаратуучусу.
"Ата керээзи" буга чейин Италияда өткөн кинофестивалда да байгелүү орунга илинген.