Эч кимге окшобогон Мерген Турган 49 жашта! Ырчы тууралуу кызыктуу 9 факты

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаЭстрада ырчысы Мерген Тургандын архивдик сүрөтү
Эстрада ырчысы Мерген Тургандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн көптөгөн хит ырларды аткаруу менен 1990-жылдары кыргыз эстрадасына узун чачы, так секирип бийлегени менен жаӊылык киргизген ырчы Мерген Турган 49 жашта.

Журналист Гүлдана Талантбекова кыргыз-шоу бизнесинин өзгөчө өкүлү тууралуу 9 факты сунуштайт.

Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Мерген Турган: жакында кайната болом деп толкунданып жүрөм
1. Ысымы жөн жерден ыйгарылбаган Мерген. 1968-жылы 25-июлда Ат-Башынын Арпа жайлоосунда боз үйдө төрөлгөн. Атасы ал кезде мергенчиликке кетип, аркар атып келген экен. Ошондо чоң атасы аркардын майы менен ымыркайды оозантып, Мерген деген ысым ыйгарыптыр. Үйдө 11 бир туугандын алтынчысы.

2. Нарын суусуна түшүп өлөм деп… Балалыгы Нарындын Ак-Коргон айылында өткөн. Ырчы өткөөл курагында улуу агасынан жеген токмогуна ызаланып, "Нарын сууга түшүп өлөм" деп коркуткан кылыгын көп эстейт. Мындай коркутууну уккан апасы Мергенди өлөрчө сабаган.

3. Чыгармачылыкка карай жол. Мерген малга жакын болгондуктан мал доктур болууну самаптыр. 6-класста биринчи жолу мектепте ырдап көрүп, таланты бар экенин билген. Ага чейин үйдө эч ким жокто, тоого чыгып мал кайтарганда элге көрүнбөй бакырып ырдачу экен. Кийин ырчылык жаатында окууга тапшырайын дегенде атасы караманча каршы чыгып, бухгалтер болуусун сунуштаган.

4. Атанын каары. Кооперативдик техникумга документтерин тапшырып, окууга өтүп кетерин сезип, атайын окуудан "кулаган". Бул кылыгы билинип калып, атасы жазалоо иретинде эт комбинатына киргизип коет. Ал жактан эч кимге айтпай Нарын драма театрына кетип калат. Алгач артист эмес, сахнанын декорацияларын ташып, көшөгөсүн ачып иштеп, кийин "Долон" тобуна кошулган.

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
5. Сынга кабылган лосина. Аскердик кызматын өтөп келгенден кийин чыгармачылыктын даңгыр жолуна аттанам деп борборду көздөй бет алат. Ошол кезде филармонияда "Таазим" тобунун кастингинен өтүп, Мерген Ырсалиев болуп чыгат. Бир жолу "Таазим" тобунун концертинде элге жаӊылык киргизем деп лосина кийип алып, секирип бийлеп, чачын тиякка-биякка силкип ырдап, ямаха черткен. Үч күндөн кийин филармониянын жетекчилиги "тигил балаӊар эмне колготки кийип алган?" таризинде жыйналыш жасап, сөз менен катуу сындырган. Ырдаганы элге жаккандыктан, жумуштан айдалбай калган.

6. Эмне үчүн Мерген Турган? 1993-жылы атасы каза болот. Анын атын өчүрбөйүн деп Мерген Турган болуп чыгат. 1995-жылы сахналаш агасы Марат Алыбаевдин көзү өтүп кетип, чыгармачылыктагы оор учуру башталат. Ал ортодо "Таазим" тобу тарап, жеке ырчы болуп калат. Гезиттердин бирине берген интервьюсунда "ошол жылдары өзүмдү эч кимге керексиз сездим" деп айтканы бар.

7. Боордоштордон буюрган наам. 2000-жылдан тарта чыгармачылыгын Казакстанда уланткан. Ал жактан Валерий Леонтьевдин, Алла Пугачеванын, Верка Сердючканын образдарын жаратып, куудул-пародист катары таанымал болгон. Кийин бул өнөрдү Кыргызстанга да алып келген. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тараптан эч кандай наамы жок. Ал эми баурдастар "Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам ыйгарышкан.

Шорпо деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин алтын кол саатын "чечип алган" Жаныбек Алыкулов. Куудул тууралуу 8 факты
8. Майды азайткан ырчы. 2014-жылы апасы каза болуп, күйүтүнөн улам салмак кошо баштайт. 100 киллограмга жетип калганда, өзүнө арыктайм деп максат коюп 18 киллограмм салмак таштаган. Учурда апасынын атынан "Үмүт" сергек жашоо клубун ачып, элге жардам берип келет.

9. Жеке жашоосу. Казак улутундагы жубайы менен 9 жаштагы Ханраат аттуу уулду тарбиялашат. 2014-жылы Бексултан аттуу уулун ачыкка чыгарган. Былтыр уулун үйлөп, белгилүү акын Жыпар Исабаева менен куда-кудагый болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0