00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты

© Sputnik / А. Гивенталь / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматов тогуз жыл мурун 21-июлда дүйнөдөн кайткан. Sputnik Кыргызстан Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатын эскерип ал тууралуу беш факты сунуштайт.
© Фото / Кыргызская Национальная КонсерваторияАсанкан Жумакматов 25 жашында Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы дирижёру болгон
Народный артист Кыргызстана и СССР Асанхан Джумахматов - Sputnik Кыргызстан
Асанкан Жумакматов 25 жашында Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы дирижёру болгон

Чет жерде өткөн балалык. Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Үч жашында атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Андан кийин алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ал жакта болочоктогу музыкант тил үйрөнүп, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кире баштаган.

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты көптөгөн өлкөлөрдөгү концерттерде дирижёрлук кылган
Дирижер Асанхан Джумахматов - Sputnik Кыргызстан
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты көптөгөн өлкөлөрдөгү концерттерде дирижёрлук кылган

Биринчи кыргыз дирижёру. Мекенине кайтып келген 16 жаштагы өспүрүм борбор калаадагы педагогикалык техникумга тапшырып, жакшы окугандыктан шак эле экинчи курска кирген. Бирок, анын музыкага болгон кызыгуусу күчтүү болуп, ал жакта бир жылдай эле билим алган. Ошондон баштап Асанкан борбор калаадагы музыкалык-драма театрында иштей баштаган. Ал эми 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине келген. Кийин чыгармачылык менен алектенүүсүн улантып 1948-жылы дирижёрлук студияны артыкчылык менен аяктап Мамлекеттик опера жана балет театрына башкы дирижёрлук кызматка алынган. Маэстро 1957-жылы дагы Москвадагы консерваторияны кызыл диплом менен бүтүргөн.

Шорпо деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин алтын кол саатын "чечип алган" Жаныбек Алыкулов. Куудул тууралуу 8 факты
Чыгармачылыктагы бут тосуу. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти ондогон жыл Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана улуттук филармонияда башкы дирижёр болуп эмгектенген. Ал жылдары Жумакматов маданият министри менен тил табыша албай, кысымга кабылып кызматтан алынган. Анда кыргыздын чыгаан уулу Азербайжандагы досторунун чакыруусу менен Бакуга кетип чыгармачылыгын уланткан. Сыртта бааланып жүргөн дирижёрду ошол кезде жаңы бийликке келген Турдакун Усубалиев угуп калып, Кыргызстанга кайра чакыртып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру кылып дайындаган.

Жаны тынбаган профессор. Кыргыз эл баатыры чыгармачылык менен өмүрүнүн аягына чейин алектенген. Шакирттери Жумакматовдун эмгекчил, мыкты уюштуруучу болгондугун эскеришет. Анын жетектөөсүнүн алдында КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, бир катар батыш мамлекеттеринде концерт коюлган. Андан сырткары, ал "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балеттерди оркестрлештирген. Дирижёр ошондой эле базарга, жумушка жөө барып келип, кызматтык автоунаасын колдонгон эмес.

© Фото / Кыргызская Национальная КонсерваторияКыргыз Эл баатыры өмүрүнүн жетимиш жылын музыкага арнаган
Народный артист Кыргызстана и СССР Асанхан Джумахматов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл баатыры өмүрүнүн жетимиш жылын музыкага арнаган

Чыгаан шакирттердин устаты. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өзүнүн чыгармачылык жолунда бир топ белгилүү инсандарды тарбиялап өстүргөн. Алардын арасында Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ классик аткаруучулар бар. Жетимиш жыл өмүрүн музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0