Кыргыз шоу-бизнесинин уникалдуу өкүлү Мерген Турган менен журналист Гүлдана Талантбекова баарлашты.
— Мерген мырза, балалык кез дегенде көз алдыңызга эмне тартылат?
— Минтип элге таанылып артист болбогонуңузда сизди кайсы тармактан көрө алмакпыз?
— Мен өзүм малга жакын болгондуктан мал доктур болом дечүмүн. Бирок 6-класста биринчи жолу мектептен ырдап көрүп, ошондо өзүмдө талант бар экенин билдим. Ага чейин үйдө эч ким жокто, тоого чыгып мал кайтарганда элге көрүнбөй бакырып ырдачумун. Ошондон баштап ырчы болууга далалат кыла баштадым. Кийин ушул жаатта окууга тапшырайын десем атам караманча каршы болуп туруп алды. Ал мени бухгалтер кылгысы келчү. Ошентип атам каалаган Кооперативдик технукумга тапшырып, ал жактан өтүп кетеримди билип атайын окуудан "куладым". Бул кылыгым билинип калып, мени болбой Нарынга алып кетип калышты. Атам мени жазалоо иретинде эт комбинатына киргизип койду. Баш кесип, мээ чукуп иштедим. Ал убакта Нарынга мал миңдеп союлуп, түнкү нөөмөт менен иштечүбүз. Жумуштагылар кетери менен менин ырым башталчу. Анан акырындык менен Нарын драма театрына апама айтып кетип калдым. Алгач артист эмес, сахнанын декорацияларын ташып, көшөгөсүн ачып иштегем. Ал ортодо "Долон" тобуна кастингден өтүп, ошолор менен ырдап калдым. 1986-жылы биринчи дебютум болуп атамды апама айтып концертке чакырттым. Бир маалда сахнада ырдап жатып экөөбүздүн көзүбүз чагылыша түшүп, атамдан сүрдөп кетип ыргактан чыгып кеткеним эсимде. Үйгө келсем атам "болуптур эми, сен жеңдиң. Ырчылык өтө оор, жакшы ырчы бол" деп мени жайыма койгон.
— Анан?
— Анан Мерген Турган болуп калдыңыз?
— Союз ураган маалда аттарды өзгөртсө болот экен деп айтып калышты. 1993-жылы атам каза болду. Анын атын өчүрбөйүн деп Мерген Турган болуп чыктым. "Таазим" тобу тарап кетип, жеке ырчы болуп калдым. Азыр ойлосом популярдуу убагымдын көбүн союзга арнап коюптурмун. Ал ортодо 1995-жылы чыгармачылыктагы атам Марат Алыбаев каза болду. Кийин сахнага менин керегим жок болуп калды. 2003-жылдан баштап он жылдай Казакстанда иштеп келдим. Ал жактан Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наам алдым. Казак эли мени ырчы-пародист катары жакшы таанышат. Валерий Леонтьевди, Алла Пугачеваны, Верка Сердючканын образдарын жаратып ырдадым. Кийин бул өнөрдү Кыргызстанга да алып келдим. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тараптан эч кандай наамым жок. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Бирок элим сыйлайт.
— Билишимче жубайыңыз да казак кызы?
— Сиз эрезеге жеткен уулуңуздун бар экенин көпкө чейин жашырып жүрдүңүз. Эл Мерген Тургандын эр жеткен баласы бар экен дегенде айран таң калган…
— Элдин баарына жар салуунун эмне кереги бар. Ооба, эл билчү эмес. Керек болсо менин дагы толтура балам бар. Эми ар бир эле адамдын жан дүйнөсүндөгү сыры болот да…
— "Улуу тоонун чокусунан кар кетпейт, эл көзүндөгү адамдын айланасынан сөз кетпейт" дешет эмеспи. Жагымсыз сөздөрдү укканда кек сактаган учурлар болобу?
— Мени көп жерден сындырышты. Эмне деген гана ушак-айыңдар айтылбады. Баарын көтөрүп, күлүп гана жеңдим. Бул жагынан чемпион болушум керек. Эгерде кек сактасам азыркыдай Мерген Турган болбой калмакмын деп ойлойм. Сен жөнүндө сөз кылып жатса, анда сен барсың да. Бул өмүр узун болгону менен кыска, ошондуктан жүрөктү кенен коюш керек.
— Сиз убаганда сахнага өзгөчөлүктөрдү издеп түрдүү эксперименттерди кылдыңыз. Азыр ырчылардын кийинүү, ырдоо же кыймыл аракеттеринен айырмачылыкты байкаса болобу?
— Сизди вокалы күчтүү ырчылардын бири деп айтышат. Бирок убагында башка ырчылардын ырын аткарып, кийин куудулдукту аркалап кеттиңиз. Эми минтип арыктоо менен алек экенсиз. Чыгармачылык эмне болот?
— Мен "Алтын үн" деген номинациянын ээсимин. Вокалы күчтүү деп вокалды түшүнүп баштаганда айта башташты. Мени "Резиновый голос" деп айтып калышат. Ал эми Казакстандан келгенден кийин апам кайтыш болду, андан кийин толуп кетип ырдай албай жүрдүм. Азыр кудайга шүгүр, 25 килограммга арыктап, өзүмдү жакшы сезим калдым. Чыгармачылык жаатында сөзсүз жаңы ырлар болот. Бул жагын өзүм дагы ойлонуп жүргөм.