08:16 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
166 0 0

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Афганистандан америкалык күчтөрдүн толук чыгарылышы туурасындагы сөзүндө "адаттагы согуштар Американы жүдөткөнүн, алардын доору аяктаганын" билдирсе, АКШ президенти бул ойду дагы терең чечмелегендей болду.

"Соңку 20 жыл бою жүргүзүп келе жаткан тышкы саясатыбыздын бир барагын жабууда кетирген катачылыктардан сабак алууга тийишпиз. Афганистан боюнча кабыл алынган чечим аталган өлкөгө гана тиешелүү эмес. Кеп башка өлкөлөрдү кайра өзгөртүү боюнча ири аскердик операциялардын кезеги өткөнү жөнүндө. Бул көз караштан жана күчтөрдү ири масштабдуу жайгаштыруудан баш тартуу бизди өз үйүбүздө күчтүү, натыйжалуу жана кооптуу кылат", – деди Байден. Баяндамачы Петр Акопов ушундай билдирүүнүн тегерегинде ой жүгүрткөн. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Байден Американын Афганистандагы ийгиликсиз аракетин "террорчуларга каршы күрөш жана чабуул коюуларды токтотууга багытталган контртеррордук миссия жүргүздүк. Бирок ал бара-бара улутту калыптандыруу, демократиялык, ынтымактуу, бирдиктүү Афганистанды курууга өткөн. Аталган мамлекеттин жүздөгөн жылдардагы тарыхында мындай аракет көрүлгөн эмес" деп актангандай болду. Бул сөзү "биз баары бир баарынан мыктыбыз, тандалмалуу жана күчтүүбүз, эми бирок чет өлкөлөрдү кулатууга күчтөрдү жөнөтпөйбүз" дегенди туюндургандай.

Америка чындап эле сырттагы аскердик интервенцияларынан баш тартабы? Дүйнө мындай жагынан көңүлү жайгарылабы? Ушул өңдүү суроолорго жооп табуу үчүн оболу кеп кайсы Америка: АКШ мамлекети тууралуубу же ааламдашуунун атлантикалык долбоорун ишке ашырууну самаган батыш дүйнөсүнүн лидери жөнүндө жүрүп жатканын тактап алуу абзел. Улуттук мамлекетпи же өз кызыкчылыгындагы дүйнө тартибин түптөө менен улутка үстөмдүк орнотчу күчпү? Деги ушул тапта АКШ улуттук мамлекети барбы? Трамптын кулатылышы абал андай эместигин тастыктайт. Болбосо улуттук кызыкчылыктардын жана америкалык элдин укуктары мынчалык одоно жана көз көрүнөө тебеленбейт эле.

Кошмо Штаттар эбактан бери өзүнүн глобалисттик элитасынын барымтасында калгандай. Алар глобалдык максаттарынан чегингиси да, баш тарткысы да жок. Анда Байден жөн гана амалданып жатабы? Менимче, ал өз оюндагысын билдирип жаткандай. Анткени Кошмо Штаттарга азыр чындап глобалдык интервенциялардын кереги жок. Себеби Америка дүйнөнү көзөмөлдөп гана эмес, баягы эле либералдык баалуулуктарга негизделген "туура" дүйнө түзүмүн түптөгүсү келген эмес беле. Башкача айтканда, дүйнөнүн идеологиялык тизгинин колго алгысы келген, бул, албетте, аскердик жана каржылык-экономикалык көзөмөл менен бекемделет. Кадимки геосаясий күрөштү ал өтө жогорку деңгээлде жеңип чыккысы келген, бирок натыйжада "жөпжөнөкөй" деңгээлде эле утула баштаган.

Ирак менен Афганистанды оккупациялоонун глобалисттик Штаттарга эмне зарылдыгы бар эле? Террорго каршы күрөш, мунайды же маңзатты көзөмөлгө алуу үчүнбү? Жок, ислам дүйнөсүндөгү Батышка каршы процесстерди ооздуктоого умтулуу менен ири Жакынкы Чыгышты кайра түзүп чыгуу, анын натыйжасында Евразияны тескөөнү колго алуу үчүн ушундай саясат керек эле. Бирок аскердик интервенциялардын соңу эмне болду? Натыйжасы таптакыр тескерисинче болду. Ислам дүйнөсүндө Америкага жек көрүү күч алды, кардарлары жана союздаштары АКШнын ынанымдуулугунан түңүлдү. Америка өз ордун дүйнөлүк деңгээлде гана алсыратпастан, чабалдап жана ички ажырымы да тереңдеп барат. Мындай шартта дүйнөлүк үстөмдүккө доомат коюуга чамасы жетпейт.

Негизи Трамп дал ушундай эле ойлорду сунуштаган эле. Бирок ал АКШнын глобалдык вазыйпасын, глобализм жана атлантизмди жактаган эмес. Трамп чындап эле АКШны калыптандыруу жана чыңдоону каалаган. Бирок глобалдык либералдык дүйнө түзүмүн кайра курууга умтулган да эмес. Кошмо штаттардын мурдагы президенти дүйнөнү күчтөрдүн, держава-цивилизациялардын ар кандай борборлору катары көрчү.

Ал эми аны тактан алган "вашингтондук саз" ааламды америкалык үстөмдүк үчүн ылайыкталган аймак катары кабылдайт. Мындай мессиандык көз караш, өздөрүн "Кудайдын тандалма пенделерибиз" деген сезимдер башынан эле америкалык коомдун каймактарына таандык болчу.

Анткен менен XX кылымда Кошмо Штаттар атлантикалык дүйнөлүк үстөмдүк долбоорун ишке ашырууда тийиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу менен Европаны экинчи планга сүрүп чыккан. Айтмакчы, оккупацияланган Европада, эң оболу Германияда АКШ формалдуу түрдө Афганистандагыдай эле аракеттерге барган: туура, демократиялык мамлекет курган. Ушул эле иш менен Японияда да алектенишкен, ийгиликтерге да жетишкен. Жок эле дегенде азырынча Токио Вашингтонго аскердик союз жана Окинавадагы база аркылуу байланган деп эсептелет. Ошентсе да Германия менен Афганистандагы укуктук мамлекет куруу аракеттерин салыштырып болбойт. Эгер Европанын бул аталган үлкөн өлкөсүндө түптүү нерсени кайра жаратууга көмөктөшүшсө, Афганистанда таптакыр жат нерселерди таңуулоого туура келгенби? Себеби Афганистандын укуктук түзүлүш боюнча өз үлгүсү болгон, бирок сырттан келгендер, тагыраагы, америкалыктар аны менен эсептешкиси да келген эмес. Шарияттан гана чочулабастан, бардык афган урууларынын кеңеши, калктын чыныгы үнү болуп турган Лой Жиргага 2002-жылы катышууга камынган Захир Шахтын (1973-жылы тактан кулатылган) кайра кайтуу чечимине бөгөт коюшкан. Мында америкалыктар демократиялык шайлоону көздөгөн дейсиздерби? Жок, алар афган коомунун табиятын түшүнүшкөн да эмес, жергиликтүү көйгөйлөр аларга баары бир эле. Тек гана алардын дүйнөнүн каалаган бурчуна жат эрежелерди орнотуу менен бир цивилизациянын нормаларын башкасына таңуулап, үстөмдүгүн орнотууга мессиандык ишеними бекем эле. Эми Америка ошондой ниетин оңдоду дейсизби? Албетте, андай эмес. Кошмо Штаттар "бөлөк өлкөлөрдү кайра куруу боюнча аскердик ири операциялардан" гана баш тартып туру. Эң негизги мүдөөсү, башкаларга жапайы катары караган мамилеси өзгөрүп кеткен жок. Башкы максаты — бүтүндөй дүйнөнү өзү көздөгөндөй өзгөртүп куруу аркылуу глобалдык үстөмдүк кылуу. Аскердик ыкма эмес болсо эмне экен?! Душманга саясий, идеологиялык, каржылык, маданий, психологиялык оор сокку уруу же аларды аралыктан көзөмөлдөөгө да болот. Америка ошентип кош айтышууда, бирок куру дегенде эле улуттук мамлекетке айланмайынча алыс узап кете албайт.

Тема боюнча

Аял министр болбойт. Афганистандагы бийлик тууралуу "Талибан"* үн катты
Белгилер:
АКШ, стратегия, Афганистан, Жо Байден

ЭҢ МААНИЛҮҮ