Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети

© Фото / из личного архива Феликса ТурдукуловаПуштундар Афганистандын эгемендүүлүгүнө карата арналган парадда басып бара жаткан учур. Кабул, 1964-жыл
Пуштундар Афганистандын эгемендүүлүгүнө карата арналган парадда басып бара жаткан учур. Кабул, 1964-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Кезинде Кыргызстан Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгесин көтөрүп, каршылашкан тараптар үчүн элдешүү аянтчасы болуп берүүнү сунуштаган. Бирок бул демилге ишке ашпай калган.

Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун көңүлү Афганистанда. Бул өлкө дүйнөлүк геосаясатта чоң роль ойнойт. АКШ өнөктөштөрү менен өлкөдөн чыгып кетери менен "Талибан"* кыймылы бийлигин орнотту. Ушу тапта Панжшер аймагы гана багынуудан баш тартып жатат. Талибдер бул жерде согуштук операциясын баштай турганын жар салган. Колумнист Алмаз Батилов дүйнөнүн тынчын алган уюмдун жаралыш тарыхына токтолду.

Мамлекеттин бүлүнүшү

1989-жылы 15-февралда Женева келишимине ылайык советтик 40-армия Афганистандан чыгып кеткенден кийин өлкө жетекчиси Наджибулла СССРдин жардамы менен тарапкерлерине таянып үч жыл бою моджахеддерге каршы күрөшүн токтоткон эмес. Афган куралдуу оппозициясына АКШ, Пакистан, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирлиги, Судан менен Ливия мамлекеттери саясий, каржылык, аскердик колдоо көрсөтүшкөн. 1992-жылы жазында афганистандык тажиктердин лидерлери Раббани менен Ахмад Шах Масуддун согушкерлери жана теги өзбек генерал Рашид Дустум Кабулду ээлейт. Наджибулла иниси Шапур Ахмадзай жана эки үзөңгүлөшү менен Кабулдагы БУУнун кеңсесине жашынууга аргасыз болот. Тактыга белгилүү диний ишмер жана “Хезб-е жамиат-е ислами” партиясынын лидери Раббани отурат. Тилекке каршы, жаңы мамлекет башчысынын да жарандык согушту токтотууга алы жеткен эмес. Өлкөдө мурда баш көтөрө албаган диний жана улуттук азчылыктардын автономиясы пайда болгон. Ошол эле жылы коңшу Тажикстанда да жарандык согуш башталып, качкындар Түндүк Афганистанга агыла баштаган. Бийликке келген моджахеддер бири-биринен бийлик талашып, мамлекетти бүлүндүрүшөт. Анысы аз келгенсип, карапайым калкты талап-тоноп, кордоп, жаш кыздар менен уландарды зордуктап, кул-күң кылган. Орто жерден талаа командирлеринин жаңжалынан Кабул да талкаланат. Афгандыктар аргасыз кайрадан чет өлкөлөргө качат. Он жылдан ашуун созулган кандуу араздашуунун айынан өлкөнүн экономикасы толугу менен кыйраган эле. Анын үстүнө теги тажик Раббанинин ажо болушу элдин басымдуу бөлүгүн түзгөн пуштундардын кыжырын кайнатып, психологиялык сокку болгон. Моджахеддердин дал ушундай жүргүзгөн саясатынан улам Афганистандын саясий аренасында "Талибан"* кыймылы жаралат.

Талибан кыймылынын пайда болушу

Пуштун элинин өзөгүн дуррани менен гильзай уруулары түзөт. Эки тайпанын ортосунда чоң атаандаштык бар. 1747-жылы дурранилер Кандагар шаарында Афганистанды түптөп, өлкөнү 300 жылдан ашык башкарган. Бирок 1978-жылы 27-апрелде Кабулдагы кандуу төңкөрүштүн натыйжасында бийликке гильзайлар келген.

1994-жылы бул кыймылды 34 жаштагы гильзай тайпасынын кулуну молдо Мухаммад Омор жетектейт. Буга чейин ал Кандагар аймагынын Майванд уездиндеги Синджезар кыштагынын молдосу эле. Мухаммад Кандагардагы медреседе гана билим алган. Советтик аскерлерге каршы согушуп, төрт ирет жаракат алып, бир көзүнөн ажыраган. Анын жактоочулары өздөрүн "талиб" деп аташкан. "Талиб" араб тилинен "билим издөөчү" деп которулат. Бул кыймылдын уюткусун пуштундар түзүп, гильзай тайпасынын өкүлдөрү жетектеген. Советтик жана россиялык чыгыш таануучу Владимир Пластун бүгүнкү күндө да кыймылды гильзай уруусунун өкүлдөрү тескейт деп баса белгилейт. Пуштундар талибдер Раббанини тактыдан түшүрүп, бийликти кайтарып берип, өлкөдө тынчтык орнотот деп үмүттөнүшкөн. Башкача айтканда, "Талибанды" түзүүдөгү биринчи максат — пуштундарды бийликке кайтаруу эле.

© Фото / из личного архива Владимир ПластунаСоветтик жана россиялык илимпоз Владимир Пластун Афганистандын экс-президенти Бурханиддин Раббани менен маектешип жаткан учуру. Кабул. 2009-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Советтик жана россиялык илимпоз Владимир Пластун Афганистандын экс-президенти Бурханиддин Раббани менен маектешип жаткан учуру. Кабул. 2009-жыл

Пакистандык журналист жана изилдөөчү Ахмед Рашид “Талибан. Ислам, нефть и Новая большая игра” аттуу китебинде "Талибан" кыймылы кайсыл себептердин негизинде пайда болгонун төмөнкүчө түшүндүргөн.

1979-1989-жылдары советтик аскерлер Афганистанда болгон учурда афгандык качкындар Пакистандан баш паанек тапкан. Ошондуктан талибдердин басымдуу бөлүгү качкындардын лагерлеринде тарбияланган. Алар  афгандык молдолор жана пакистандык исламчылар ачкан медреселерде окушкан. Бул жакта чала сабат молдолор аларга Куран менен Мухаммед пайгамбардын сөздөрүн жаттатып, ислам укугун үйрөтүшкөн, башка сабактар өтүлчү эмес. Атүгүл көпчүлүгүнүн мурдагы Афганистандын тарыхы жөнүндө кабары жок эле. Талибдер Ата мекенинде токтобогон тынымсыз согушту гана көрүшкөн, ата-бабалары сыяктуу дыйканчылык менен же мал бакканды үйрөнгөн эмес. Булар ислам үчүн ыйык казатка чыгып согушканга гана даяр болчу. Талибдердин басымдуу бөлүгү Пакистандын радикалдуу көз карашы менен белгилүү диний ишмер маулана Фазлур Рахман жетектеген “Жамиат-и-Улема Ислам” партиясынын медреселеринде окуган. Бул партия пакистандык пуштундардын арасында абдан популярдуу болчу. Анын үстүнө маулана Рахман Пакистандын премьер-министри Беназир Бхуттонун саясий өнөктөшү эле. Мындан сырткары, ал өкмөт, армия жана чалгын кызматы менен тыгыз байланышта болчу. Расмий Исламабаддын Коргоо министрлиги Афганистандагы жарандык согушту пуштундар гана токтотот деген пикирде болушкан. Андан тышкары, Пакистандын армиясынын 20 пайызга жакыны пуштундар болчу.

Негизи "Талибандын" пайда болушу боюнча божомолдор көп.

© Фото / из личного архива Владимир ПластунаСоветтик “Правда” басылмасынын кабарчысы Владимир Пластун Афганистандын жетекчиси Мохаммад Наджибулладан маек алып жаткан учуру. Кабул. 1991-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Советтик “Правда” басылмасынын кабарчысы Владимир Пластун Афганистандын жетекчиси Мохаммад Наджибулладан маек алып жаткан учуру. Кабул. 1991-жыл

Талибандын жортуулга чыгышы

1994-жылдын аягында талибдер Кандагар менен кошуна чөлкөмдөрдө моджахеддерди сүрүп тынчтыкты орнотушкан. Алар араздашкан урууларды талкалап, башчыларын дарга асып, кимде курал-жарак болсо тартып алышкан. Мындай аракеттин натыйжасында Пакистан, Иран жана Орто Азиянын ортосунда аткезчиликтин негизинде соода сатыкка жол ачылып, ал жергиликтүү экономиканын негизин түзүп калган. Талибдерге Пакистандын медреселеринде окуган афгандык жана пакистандык студенттер кошулуп, катарын ыктыярчылар  толуктап турган. Айрым учурда талибдер талаа командирлерине пара берип баш ийдирип алып турушкан. Ошол эле учурда кыздар окуган мектептерди жабышты, аялдарга көчөгө чыкканга чектөө коюшту. Алар телевизорлорду талкалашкан, карта ойноого, музыка укканга, ырдаганга жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө да тыюу салышкан. Эркектерге узун сакал өстүрүү буйругун чыгарып, мындан сырткары, соту жок эле шариаттын негизинде катаал мыйзамдарды ишке ашыра башташкан. Мисалы, бирөөнүн мүлкүн уурдаган кишинин колун же бутун кесишкен. Эгерде аялы же күйөөсү бири-биринин көзүнө чөп салса орто кылымдагыдай ташбараңга алышкан.

© Фото / из личного архива Александра Болотина860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун саясий бөлүмүнүн офицери Азамат Шамырканов резервисттер Рыспаев жана Зулпукаров менен биргелешип тоонун бооруна советтик жоокерлерге арнап жазган жазуусу. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы. 1980-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун саясий бөлүмүнүн офицери Азамат Шамырканов резервисттер Рыспаев жана Зулпукаров менен биргелешип тоонун бооруна советтик жоокерлерге арнап жазган жазуусу. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы. 1980-жыл

Буга карабастан пуштундар басымдуулук кылган Түштүк Афганистан талибдерди кучак жайып тосуп алган. Кыймылды Пакистан менен Сауд Аравиясы каржылаган. Мындан сырткары, талибдердин казынасын жүк ташыгандардын салык төлөгөнү, баңгизат саткандан түшкөн киреше толтурду. Согуш талаасында булар курал-жарак, танк жана тик учактарды олжолоп, басып алган аймактарда дароо калкты курал-жаракты тапшырууга мажбурлаган. Жемкорлукту азайтып, баңгизат сатууга бөгөт коюп, шариаттын катаал мыйзамдарын орнотушкан. Талибдер жол коопсуздугун кам көрүп, натыйжада азык-түлүк арзандаган.

Талибан кыймылынын күчтөнүшү

1996-жылы 26-сентябрда талибдер Кабулду басып алышат. Адегенде аларды кабулдуктар кубаныч менен тосуп алышкан. Анткени төрт жылдан ичинде Ахмад-Шах Масуддун согушкерлери шаардын тургундарын талап-тоноп, кордошкон. Анын үстүнө 1995-жылы Кабулда Масуд теги түрк-монгол, шиизм агымын карманган хазараларды мыкаачылык менен кырат. 27-сентябрда Пакистандын атайын кызматынын офицерлери талибдердин колу менен Афганистандын экс-президенти Мохаммад Наджибулла менен инисин Шахпур Ахмадзайды дарга асышат. Наджибулла эки мамлекеттин ортосундагы “Дюранд сызыгы” расмий чек ара деген документке кол койбой койгон эле. Россиялык чыгыш таануучулар Владимир Пластун, Владимир Адрианов жана кыргызстандык саясий серепчи Орозбек Молдалиев эгер Наджибулла аталган документке кол койгондо пуштун эли түбөлүккө бөлүнүп калмак деген ойду айтышат. Наджибулланын өлүмү Афганистан жана дүйнөлүк коомчулук үчүн эң чоң трагедия болду. Талибдердин мындай жосунсуз жорукка аралашканы афган элин иренжитип салган.

© Фото / из личного архива Александра Болотина860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун жоокерлери салтанаттуу басып бара жаткан учур. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы. 1980-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун жоокерлери салтанаттуу басып бара жаткан учур. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы. 1980-жыл

Талибдер өлкөнүн 90 пайызын көзөмөлгө алат. "Талибан" кыймылына теги пакистандык, филиппин, чечен, кытайлык уйгурлар, кашмирлик жана террордук “Өзбек Ислам кыймылынын” согушкерлери да кошулат. Талибдер аларга каршылык көрсөткөн өзбек менен хазараларды аёосуз өлтүрөт. Андан кийин бул эки улуттун өкүлдөрү талибдерден өч алат. Өзгөчө бул кыймыл шииттерди дин бузар деп жек көрүп, шиизм агымын карманган хазараларга аёосуз мамиле жасашкан. Анын үстүнө талибдер Иран менен мамилесин кескин бузуп алышкан эле. Пакистандык журналист Ахмед Рашиддин айтымында, 1998-жылы августта талибдер Шариф шаарында Ирандын 11 дипломаты менен журналистин өлтүргөн.

Талибан кыймылына каршылык көрсөтүү

Талибдерге каршы Ахмад-Шах Масуд “Түндүк альянс” биримдигин уюштурат. Бул биримдиктин басымдуу бөлүгүн теги тажик жана өзбек талаа командирлери түзгөн. 1998-жылы генерал Абдул Рашид Дустум талибдерден жеңилгенден кийин Масуд күрөшүн жалгыз улантууга аргасыз болгон. Себеби Афганистандын мурдагы башчысы Раббани жана башка таасирдүү саясатчылар чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Ахмад-шах талибдерге Панжшер капчыгайында каршылык көрсөтүп жатты.

Кыргызстандын ортомчу болуу демилгеси

1996-жылдан баштап Кыргызстан Афганистанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү Бишкекте өткөрүү боюнча демилге көтөрөт. Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиевдин айтымында, аймакта тынчтыкты орнотууга ортомчу болуу сунушу жөн жерден айтылган эмес. 

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРАфгандык балдарды Кыргызстанда салтанаттуу тосуп жаткан учур. Фрунзе, “Манас аэропорту”.1985-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Афгандык балдарды Кыргызстанда салтанаттуу тосуп жаткан учур. Фрунзе, “Манас аэропорту”.1985-жыл

"Расмий Бишкек Карабах аймагы үчүн Азербайжан менен Армениянын ортосундагы согушту жана Тажикстандагы беш жылга созулган кандуу тирешүүнү токтоткон. Тажрыйбасы бар эле. Бирок айрым державалар жана кошуна өлкөлөр Кыргызстандын демилгесин колдогон жок. Анткени коңшу мамлекеттер Афганистандын көйгөйүн чечүү вазийпасын расмий Бишкекке ыраа көрбөй, бөгөт коюшту. Андан тышкары, мындай сүйлөшүүнү өткөрүүгө каржы маселеси чечилбей калды", — деди дипломат.

Афган согушунун ардагери, СССРдин атайын кызматынын офицери, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси ыраматылык Акылбек Салиев 2017-жылы “Биринчи радиого” маек куруп жатып Афганистандагы согушту токтотууга Кыргызстандын аянтча болуп бере аларына жүйөлүү далилдерди келтирген.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРАфган балдары Кыргызстанга эс алууга келген учуру. Фрунзе. 1985-жыл
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Афган балдары Кыргызстанга эс алууга келген учуру. Фрунзе. 1985-жыл

"Афганистанда жарандык согуш уланып келе жатканына 20 жыл болду. Бул кандуу жаңжалды токтотуу үчүн расмий Бишкек "Талибан"* кыймылы менен алардын каршылаштарын элдештирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурушу керек. Анткени Кыргызстан эки айыгышкан тарап үчүн бейтарап өлкө. Талибдердин көпчүлүгү пуштундар. Аларга каршы тараптын басымдуу бөлүгү теги тажик жана өзбек калкынын кулундары. Ошондуктан талибдер расмий Душанбе менен Ташкентке ишенбейт. Эки өлкөнүн жетекчилиги сөзсүз түрдө боордошторуна жан тартат деп кооптонушат. Казакстандын элдештирүү боюнча мындай тажрыйбасы жок. Мындан улам Кыргызстан ылайыктуу болор эле", — деген Салиев.

2001-жылы Афганистанга АКШ жана НАТО күчтөрүнүн кириши менен талибдер бийликтен ажырайт. Бул өзүнчө кеп кыла турчу окуя.

Жаңылыктар түрмөгү
0