Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы жашы жете элек балдар киши колдуу болгон 13 факты катталган. Анын жетөө туугандарынын колунан ажал тапкан.
Эмнеге?! Кайсы күнөөсү үчүн бул бөбөктөр мынча кордук көрдү?! Зордуктап, кордоп, өлтүрүп жаткандарга ким мындай укук берди?!
Жогоруда тизмектелгендер чуулуу окуялардын айрымдары гана. Балким, коомчулукта балдарга карата жасалган кылмыштар мындан дагы көп болуп, ич ара жаап-жашырылып жаткандыр. Зөөкүрлөрдөн запкы чеккен наристелердин тагдыры кандай болуп, психологиясы, ден соолугу эмне болот деген ой мээмди жей берет...
Айрым адистер мындай жагымсыз окуяларга мыйзамдардын иштебегендиги, ымыркайлар адамдар үчүн товарга айланып бара жаткандыгы, ата-энелердин кайдыгерлиги, калктын социалдык-экономикалык абалынын начарлыгы деп айтып келүүдө. Деги койчу, актануулардын аягы жок. Бирок бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек, биз ал-күчү жок, арамдыгы жок наристелерди жада калса айбанча дагы коргой албай жатабыз!
Өзүмдүн окуяларымдан айтып берейинчи. Мен союз тарап эл башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жаткан 1990-жылдардын башында жарык дүйнөгө келгем. Оңураак сүт эме албаган, башым эле көрүнбөсө колго кармалбай ара төрөлгөн, мал болуп кетерим күмөн туудурган бала экенмин. Ата-энем менин өмүрүмдү Жараткандан тилеп жылкынын шорпосуна жуунтуп, апам үч чакырымдай алыстыктагы кошуна айылдагы кемпирге көрсөтөм деп, көтөрүп алып күн алыс жөө барчу экен. Анда да өзү жалгыз эмес, менден улуу үч агамды жетелеп алып жөнөчү экен. Ошентип жүрүп адам катарына кошулгам.
Адам басып өткөн өмүрүндө өзүнүн балалык күндөрүн жашоосунун аягына чейин үзүлбөгөн уламыш, бүтпөгөн жомок кылып жашайт. Ошол кездеги окуя, көз ирмемдер анын жашоосунун пайдубалы болуп калат. Ал эми кордук көрүп, зомбулукка туш болгон БИЗДИН КҮНДӨРДӨГҮ балдар кантип таяк жегенин, эмне болуп зордукталганын унута албай, жүрөктүн, көңүл-көөдөнүнүн жарасы сымал, жашоого, турмушка, ата-энесине, чоңдорго, БИЗГЕ таарынып жүрүп өтөөр...
Адамзат, балдардын кубанычы менен балалыгын уурдабайлычы, көңүлүнө так салбайлычы!..