04:51 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
124620

Элге, жерге, эл ичинен өзүнө жакшылык тиленүү, жаратканга арнап курмандык чалып, түлөө өткөрүү абалкы кыргыздан азыркыга уланган эски жөрөлгө. Бул тууралуу колумнист Шаакан Токтогул учкай кеп салды.

Жалпы элдик түлөө

Эл-журтту дабасыз оору каптап, калк кыйналганда, жыл кургакчыл болуп, Жер эне түйшөлгөндө, адамзаттын пейили бузулуп, табият аны жазалап, тынымсыз жер көчкү, сел, жер титирөө боло бергенде жараткандан кечирим сурап, жалпы эл чогулуп түлөө өткөргөн. Курмандык чалып, кан чыгарышкан, сообун жаратканга, ата-бабалардын арбагына арнашкан. Энелер болсо тогуз токоч баабединин жасап, шам жагып, ак тилегин айтышкан. Көптүн тилеги курмандык жолу менен батыраак орундалаарына ишенишкен.

Жалпы элдик түлөөлөр жыл ажыратканда, чоӊ курултай алдында, кан көтөрүлгөндө да жасалган. Мындагы максат кечирим суроо эмес, жакшылык тилөө болгон. Атап айтканда жыл ажыратуу (нооруз) учурундагы түлөөдө ушул жылдын жакшы, түшүмдүү, берекелүү болушун, ал эми курултай алдында эл башына адилеттүү ажо, калыс бийлик орношун, кан көтөрүлгөндө болсо анын адил бийлигинин түбөлүгү түз болушун тилеп, түлөө өткөрүшкөн.

Ак менен кара

Жараткандан, табияттан кечирим суроого арналган түлөөлөрдө союлган койдун, уйдун, жылкынын түсү кара болгон. Анткени, буга чейинки кара нерсени ушул малдын каны жууп кетсин, мындан ары жакшылык болсун дешкен.

Ал эми жыл ажыратканда, кан көтөргөндө, дегеле жакшылык тилеген түлөөлөрдүн бардыгында ак боз бээ, кой, уй союлган. Бул ак тилектеги, изги үмүттөгү иш экенидигинин белгиси болгон.

Ак сарбашыл

Кырсык болуп киши аман калганда, чоӊ жамандыктан кутулганда, катуу оорудан айыкканда ата-энеси, бир туугандары же жакындары жаратканга аксарбашыл айтып, ыраазычылык иретинде курмандык чалышкан. Башкача айтканда ак сарбашыл — жанын аман койгондугу, куткаргандыгы үчүн жаратканга, кайып күчтөргө болгон ыраазычылык.

Жан түлөө

Киши башын кырсык тооруп, оор оорудан кыйналганда, же белгисиз себептерден улам жан кыйноого түшкөндө киши жанын арачалап алыш үчүн жан түлөө беришкен. Кара койду курмандыкка чалып, сөөгүн этинен ажыратып алып, ак кепинге ороп, кыйналган кишинин атына жаназа окуп, жай казып, кадимкидей көмүшкөн. Этин бышырып, жешкен. Айрым жагдайларда этти сөөгүнөн бөлбөй туруп бышырып жешип, сөөктөрүн таза мүлжүп, анан ак кепинге салышкан. Неси болсо да кишини ажалдан арачалап, жазгырып калуу максатында жасалган жөрөлгө деп кабылдасак болоор.

Жакшы мал жанга аралжы

Кыргызда ушундай кеп бар. Анткени мал, дүнүйө түбөлүккө түркүк эмес, адамзатка опо эмес. Бүгүн бар да эртеӊ жок. Ал эми кишинин мээри түшкөн, кайып каскагынан буюрган жылкысы, же кою, же ую, же ити ээсине мээр салып, берилет. Киши башын кырсык чалып, бир кокустук болуп кетсе, белгисиз себептерден улам киши өзү аман калып баягы жылкысы же кою же тайганы өлөт. Адам менен табият байланышын окумуштуулар дагы да болсо изилдеп бүтө элек. Демек, мунун маанисин да эч ким түшүндүрүп бере албашы мүмкүн. Бирок кыргызда "Жакшы мал жанга аралжы" дешет. Башкача айтканда, жакшы мал кишини тооруган кырсыкты өзүнө алып, аны сактайт.

Жыйынтык

Биздин айылда бир киши бар эле. Кырдын үстүндө жашачу. Аны мурдатан билгендер "үйүнө бир киши чакырып чай бербейт" деп айтышчу. Чык татырбас Чынарбай анык ошол окшойт, бирок бай болчу. Кызыгы, бардык жерге жааган жамгыр ошонун үйүнө тийбейт, анын короосу какшып турат дешчү. Анан да улуулардын "ушул бир жолу жыт чыгарып, жаратканга, ата-бабанын арбагына курмандык чалып, элге түлөө берсе болмок" дешкенин угуп калчумун.

Эмнеси болсо да кечирим сурап, ыраазычылык билдирип, келечекке дагы жакшылыктарды сурап түлөө өткөрүп туруу менен кыргыз эли сакталып келатса керек.

Тема боюнча

Кулак тууралуу баян же кулагыӊызга күмүш сырга
Сүннөткө отургузулбаган адамдын мал союуга акысы жокпу?
Белгилер:
түлөө, каада-салт, кырсык, мал, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ