Жалпы элдик түлөө
Жалпы элдик түлөөлөр жыл ажыратканда, чоӊ курултай алдында, кан көтөрүлгөндө да жасалган. Мындагы максат кечирим суроо эмес, жакшылык тилөө болгон. Атап айтканда жыл ажыратуу (нооруз) учурундагы түлөөдө ушул жылдын жакшы, түшүмдүү, берекелүү болушун, ал эми курултай алдында эл башына адилеттүү ажо, калыс бийлик орношун, кан көтөрүлгөндө болсо анын адил бийлигинин түбөлүгү түз болушун тилеп, түлөө өткөрүшкөн.
Ак менен кара
Жараткандан, табияттан кечирим суроого арналган түлөөлөрдө союлган койдун, уйдун, жылкынын түсү кара болгон. Анткени, буга чейинки кара нерсени ушул малдын каны жууп кетсин, мындан ары жакшылык болсун дешкен.
Ал эми жыл ажыратканда, кан көтөргөндө, дегеле жакшылык тилеген түлөөлөрдүн бардыгында ак боз бээ, кой, уй союлган. Бул ак тилектеги, изги үмүттөгү иш экенидигинин белгиси болгон.
Ак сарбашыл
Жан түлөө
Киши башын кырсык тооруп, оор оорудан кыйналганда, же белгисиз себептерден улам жан кыйноого түшкөндө киши жанын арачалап алыш үчүн жан түлөө беришкен. Кара койду курмандыкка чалып, сөөгүн этинен ажыратып алып, ак кепинге ороп, кыйналган кишинин атына жаназа окуп, жай казып, кадимкидей көмүшкөн. Этин бышырып, жешкен. Айрым жагдайларда этти сөөгүнөн бөлбөй туруп бышырып жешип, сөөктөрүн таза мүлжүп, анан ак кепинге салышкан. Неси болсо да кишини ажалдан арачалап, жазгырып калуу максатында жасалган жөрөлгө деп кабылдасак болоор.
Жакшы мал жанга аралжы
Жыйынтык
Биздин айылда бир киши бар эле. Кырдын үстүндө жашачу. Аны мурдатан билгендер "үйүнө бир киши чакырып чай бербейт" деп айтышчу. Чык татырбас Чынарбай анык ошол окшойт, бирок бай болчу. Кызыгы, бардык жерге жааган жамгыр ошонун үйүнө тийбейт, анын короосу какшып турат дешчү. Анан да улуулардын "ушул бир жолу жыт чыгарып, жаратканга, ата-бабанын арбагына курмандык чалып, элге түлөө берсе болмок" дешкенин угуп калчумун.
Эмнеси болсо да кечирим сурап, ыраазычылык билдирип, келечекке дагы жакшылыктарды сурап түлөө өткөрүп туруу менен кыргыз эли сакталып келатса керек.