Сентябрда Тажикстанда бир нече кыргызстандык кармалган. Учурда эмне белгилүү

© AFP / Loren ELLIOTTНезаконная миграция из Мексики в США
Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Акыйкатчы аппаратынын маалыматы боюнча, коңшу өлкөнүн аймагынан эки киши кармалган. Тышкы иштер министрлиги төрт адам камакта экенин билдирди.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Кыргызстандын бир нече жараны кармалып, мамлекеттик органдар аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ТИМ менен акыйкатчынын аппараты билдирди.
11-ноябрда акыйкатчынын аппараты Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага расмий кат менен кайрылган.
"Анда Кыргызстандын жарандары Саидахмед Артиков менен Нооман Самадовдун укугун коргоону жана тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөнбүз. Лейлек районунун Жаштык айылынын бул тургундарын Тажикстандын УКМК кызматкерлери сентябрь айында кармаган. Артиковдун аялы Наргиза Артикованын айтымында, күйөөсү жана күйөө баласынан (Нооман Самадов) азыркыга чейин кабар жок, бирок алар Хожент шаарындагы тергөө абагында болушу мүмкүн", — деп билдирди акыйкатчынын аппараты.
Тышкы иштер министрлиги да Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Тажикстанга кайрылган.
ТИМдин маалыматына ылайык, Тажикстандын Жийделик (азыркы Санджизор) айылында жашаган этникалык кыргыздар — Кыргызстандын жарандары Саидахмат Артиков, Нумон Самедов, Турсунали Ташанов, Аскар Ахмедов 17-сентябрда жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан белгисиз себептер менен кармалган.
"Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги 22-сентябрда коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жарандардын кармалгандыгынын себептерин, коюлган күнөөлөрүн жана башка кырдаалдарын тактап, түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен нота жөнөткөн. Ошондой эле 25-октябрда кармалгандар менен элчиликтин консулдук кызматкерлерин жолуктуруу өтүнүчү менен нота жиберилген. Тажик тараптан тийиштүү уруксат документ күтүлүүдө", — деп билдирди ТИМ.
Учения МЧС по тушению лесных пожаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Тажикстан менен чектешкен жердеги кыргызстандыктын сарайы өрттөнүп кетти
20-октябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасынын, ТИМдин консулдук өкүлдөрү менен элчиликтин кызматкерлери жолугуп, анда тажик тарап компетенттүү органдарга жеткирип, тийиштүү чаралар көрүлөрүн маалымдаган.
Мындан сырткары, Саидахмат Артиковдун ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
Учурда элчилик Тажикстанда кармалган кыргызстандык жарандар менен жолугушууну пландап жатканын айтты. Ошондой эле алардын жакындары менен байланышта экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0