БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги ишин так аткарбагандыктан быйыл дыйкандар өстүргөн картошкасын сата албай убара болуп жатканын депутат Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлүнүн ырасташынча Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин тийиштүү министрлик ыкчам аракеттерди көрүп, жергиликтүү дыйкандардын жыйнаган түшүмүн сатып өткөрүүгө кол кабыш кылган эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын күңгөй-тескейине баам салып, дыйкандар менен аткаминерлердин ойлорун билип көрдү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы картошка 83,2 миң гектарга, быйыл 84,5 миң гектарга айдалган. Андан 1,5 миллион тонна түшүм жыйналган. Кыргызстандын ички рыногу 800-900 миң тонна картошканы керектесе, 600 миңдейин чет мамлекетке сатуу пландалууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаровдун пикиринде Айыл чарба менен Экономика министрлигинде сөзсүз түрдө анализ болушу керек.
"Алар 6 миллион кыргызстандык бир жылда канча картошка, сабиз, эт жана мөмө-жемиш жей турганын эсептеп, анализдеши керек. Мисалы 84-85 миң гектарга картошка эгилсе андан канча түшүм жыйналарын чыгарышы зарыл. Ошондой эле канчасы ички рынокко кетет, канчасы сатыларын болжолдоп алдын ала келишимдерди түзүп, анан дыйкандарга "эге бергиле, күйбөйсүңөр" деп кеңеш бериши керек", — деди ал.
Төгүлгөн мээнет акталган жок
Чүй облусунун Чоң-Кемин аймагындагы дыйканчылык кылган Максат Жаналиевдин айтымында, учурда жыйнаган картошкасын 5 сомдон сатууда. Бул баа картошканы өстүргөнгө кеткен чыгымды жаппайт. Дыйкандар пайда алышы үчүн картошка жок дегенде 15 сомдон сатылышы керек. Былтыр дыйкандар картошкасын 13-15 сомдон өткөргөн.
"Азыр картошканы болгону 5 сомдон сатып жатабыз, бирок тракторго, майга, жер айдатканга, казганга кеткен чыгымдарды жаппай жатат. Эгер 15 сом болгондо жакшы болмок. Азыр өзүн актабайт", — деди ал.
Эгер абал оңолбосо ал кийинки жылы картошка айдабайм деген ойдо экенин айтты.
Жаналиев бери болгондо эле 10 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенерин айтып, бул убакыт ичинде министрликтен бир да пайда болбогонун белгиледи.
"Айыл чарба министрлиги эч кандай жардам берген жок. Көптөн бери дыйканчылык менен алектенем. Бул аралыкта алардын колдоосун деле сезген жокмун. Дыйкандар өз арбайыбызды өзүбүз согуп эле жүрөбүз. Жер семирткичти чуркап жүрүп алабыз. Жок дегенде кеп-кеңешин айтса жакшы болмок. Өзүбүз эле аракет кылып келе жатабыз. Иштебеген мындай министрликтин кереги жок", — деди дыйкан.
Ал ошондой эле өкмөт дыйкандардын жыйнаган түшүмүн Казакстан менен Өзбекстанга сатканга жардам берсе жакшы болмоктугун кошумчалады.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жылда картошка айдап, киреше тапкан Жумабек Тилековдун айтымында, картошка быйыл баа болбой жатат.
"Сентябрдын аягында картошка 9-10 сомго чейин чыккан. Азыр 5-7 сомдон араң сатып жатабыз. Бишкектин базарларын Ысык-Көл менен Кочкордун картошкасы басып калды деп жатышат. Азыр картошка алган соодагерлер чоңдорун тандап алып кетишүүдө. Менде 20 тоннага жакын картошка бар. Аны сатпай эле ороого салып, жазында сатайын деп жатам", — деди ал.
Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Көсө айылынын 57 жаштагы тургуну Халмамат Насирдинов быйыл мээнети акталбай калганына нааразы. Анткени бир гектарга жакын жерге айдаган картошканын түшүмү жакшы болгону менен баасы арзан болууда.
"Үрөндү эле 60 миң сомго алдым. Ал эми жерди айдатып, малалоо иштерине, трактордун айдоочусунун акысына 7 миң сом бердим. Андан сырткары, жер семирткичтердин килограммын 23 сомдон 26 сомго чейин сатып алдым", — деди Насирдинов.
Бирок ал июнь айында жыйнаган картошкасын төрт айдан бери сатып бүтө элек. Сатып алуучулар Казакстандын чек арасын шылтоолоп, бааны атайын төмөндөтүп жатканына токтолду.
Ал быйыл жазында "Айыл банктан" 300 миң сом насыя алганын, эми аны кантип төлөйм деп кабатырланып жатканын кошумчалады.
Кочкор районундагы дыйкан Самат Үркүнчиев талаадагы картошкасын жыйнап, үйүнө жыйып койгон. Катуу суук түшкөнгө чейин сатып бүтүүнү пландап жатат. Бирок картошканын баасы 5-6 сом болуп дыйкандарды убайымга салып жатканын белгиледи.
"Баасы көтөрүлөт деп үмүттөнүп жатабыз. Былтыр 18 сомго чейин сатканбыз. Быйыл өтө эле арзан. Эмгек күйүп жатат, ортомчулар 2-3 сомго отурса деле жакшы пайда көрмөк. Биз жаздан баштап күзгө чейин тынбай мээнет кылабыз. Акыбети кайтыш керек да", — деди дыйкан.
Үркүнчиев ошондой эле Кочкордо картошканын сапатын текшере турган лаборатория менен аны сактай турчу кампалар курулса, жергиликтүү картошканы чет жакка сатканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк дейт.
Ортомчулардын олжосу
Бишкектеги "Ош базарында" картошка саткандардын көбү "Сары-Өзөн Дыйкан базарынан" дүңүнөн алып келишет. Сатуучулардын бири Чынара Бөкөнбаева картошканы 10 сомдон алып келип, 13 сомдон сатат. Ал базарда картошканын баасы аймактарга караганда кымбат болушун ортомчулардан көрөт.
"Баанын бир аз кымбатташына ортомчулар да таасир берет. Алар дыйкандардан 5 сомдон алды дейли, Бишкекке алып келгенге чейин анын да чыгымдары бар да. Жүктөгөнүнө, сатып алган мүшөктөрүнө, жолуна, майына төлөйт. Ошентип базарга келгенге чейин 8-10 сомго чыгат", — деди ал.
"Азыр күркүрөгөн күз, бардыгы картошкасын казып жатат. Андан сырткары Казакстанга да көп кетпей жатат. "Сары-Өзөн Дыйкан базарына" барганда ал жактагы ортомчулар чет жакка кетпей жатат дешүүдө. Чет жакка чыгып баштаса эле картошканын баасы көтөрүлөт. Калп айтпасам былтыр картошканы дүңүнөн 20 сомдон алганбыз. Быйыл дыйкандар үрөнгө сепкенин чыгара албай калды деп айтып жатышат", — деди Ибрагимова.
Андан сырткары, базардын сатуучулары быйыл сапаттуу картошка аз экенин бир ооздон белгилешти.
"Айыл чарба министрлигинин кереги жок"
Эл өкүлү Ирина Карамушкина Sputnik Кыргызстан агенттигине берген түшүндүрмөсүндө Айыл чарба министрлигин 4000 кызматкери менен кармап туруунун кажети деле жок экенин айтты.
"Айыл чарба министрлиги бар, бирок мамлекеттин жери менен колхоздор жок. Бардыгы жеке менчикте. 4000 кишиден турган штатты кармап туруунун кажети барбы? Мына АРИСте 80 киши иштейт. Алар эл аралык банктардын акчасына жылына миңдеген тегерек столдорду өткөрүп, прогноз кылымыш, мониторинг жасамыш болуп жүрүшөт. Андай болсо АРИСти кеңейтип, кызматкерлердин санын 500 кишиге чейин жеткирели, мына ошолор айыл чарбасын өнүктүрүү менен алектенишсин", — деди эл өкүлү.
Депутат ошондой эле министрлик абалга жараша чара көрбөгөн орган болуп калганын айтты. Анткени Россия картошканы албай турганын алдын ала билгенине карабай, дыйкандар үчүн картошка, пияз, сарымсак, алма сактай турчу жайларды даярдашкан эмес.
"Мисалы Россиянын Архангельск облусуна сапаттуу жашылча, жемиштер жетишпейт. Бажы биримдигинин алкагында бул маселени чечсе болмок да", — деди Карамушкина.
Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, мекемеде республика боюнча 4880 киши иштейт. Анын 4087си суу чарба жана мелиорация департаментине карайт. Башка түзүмдөрдө 533 киши иштесе, 41 райондогу агрардык башкармалыктарда 176 кызматкер бар. Ал эми министрликтин борбордук аппаратында 84 киши эмгектенет. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Айыл чарба министрлигинин быйылкы бюджети 1,7 миллиард сомду түзгөн.
Эл өкүлү Тынчтык Шайназаров "Айыл чарба министрлиги керекпи, же керек эмеспи" деген суроого "эгер жакшы иштеп, элге пайдасын алып келип жатса бардык орган керек. Пайда алып келбесе анын кереги жок. Ар бир органдын эффективдүүлүгүн кароо зарыл", — деди Шайназаров.
Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары айыл чарба министрлигин жоюп салуу керектигин да жазып чыгышты.
"Мындай иштеген өкмөттүн түзүмүнүн мамлекетке кереги жок. Жыл сайын дыйкандар же сарымсагын, же кант кызылчасын, же картошкасын сата албай убара болуп келет. Бул министрликти жоюп, ага кеткен акчаны айыл чарбасы менен чындап алектенгендерге бериш керек", — деп жазды Авланбек Жумабаев.
Ал ошондой эле аталган мекеме божомолдоо, кеңеш берүү жана азык-түлүк коопсуздугун сактай албай турганын кошумчалап, анда бул министрлик эмне иш кылат деп суроо салган.
Министрликтин ишине өлкө жетекчилеринин да ичи чыкпайт
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында аталган мекеменин ишмердиги үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөнүнө карабай айыл чарбасын натыйжалуу өнүктүрүүнүн комплекстүү механизмдери эмдигиче табыла электигин белгилеген.
"Министрлик иштеп жатат". Бирок…
Ал ортодо Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкандардын картошкаларын чет жакка сатуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Мындай аракеттердин алгачкы акыбети дагы кайтып жатат деп ишендиришти.
Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Анара Беккулиева Өзбекстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүү оң натыйжа берип жатканын айтты.
"Азыр картошканы чет мамлекетке экспорттоо боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Мисалы, Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, азыр өзбек тарап Кыргызстанда өстүрүлгөн картошканы эч тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн 17 компаниянын тизмесин берди. Учурда компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, Ысык-Көл тараптан 260-300 тонна картошка алып кеткенге алгачкы келишимдер түзүлдү", — деди ал.
Беккулиеванын ынандырышынча Кыргызстандын картошкасын Түркмөнстанга да сатуу аракеттери көрүлүүдө.
"Азыр Түркмөнстанга Өзбекстан аркылуу транзит менен ташуу маселеси ачык турат. Ошол чечилип калса ал жакка да экспорттогонго мүмкүнчүлүк болот", — деди ал.
Беккулиева картошка Россия менен Казакстанга жылыга эле экспорттолуп келгенин, бирок бул мамлекеттерге азыр экспорттун көлөмү валюта курсунан улам аз болуп жатканын белгиледи.
Былтыр, 2017-жылы, дыйкандар кант кызылчасын өткөрө албай убара болушкан.