Бишкекте өткөн “Жан дүйнө жана жаратылыш” аталышындагы өзгөчө мода көрсөтүүсү кыргыз мода дүйнөсүндө жаңы дем, жаңы маанай жаратты. Улуттук мурастарды заманбап өңүттө кайра жандандырып келе жаткан Keshte этно-бренди бул жолу да көрүүчүлөрдү терең философиялык мааниге сугарылган коллекциясы менен таң калтырды. Табият менен адамдын, салт менен жаңычылдыктын ортосундагы назик байланыш подиумда өзгөчө көркөм тил менен чагылдырылды. Бул концептуалдык көрсөтүүнүн артында турган идеялар, кыргыз улуттук кийимин изилдөө аркылуу жаралган жаңы формалар жана эл аралык деңгээлдеги ийгиликтер тууралуу кененирээк билүү үчүн биз Keshte брендинин негиздөөчүсү, арт-директору жана башкы дизайнери Назгүл Каарова менен маек курдук.