Мамлекеттик гимндин жаңы вариантын тандоо боюнча комиссия түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Комиссияны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектейт, анын орун басары болуп маданият министри Мирбек Мамбеталиев дайындалды.
Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, окумуштуулар, маданият ишмерлери, композиторлор жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери кирди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын ишин уюштуруп, чыгармачыл топторду мамлекеттик буюртма аркылуу тартууну жана сунушталган долбоорлорду коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздайт.
Жаңы гимн сынак негизинде даярдалат. Бул үчүн акындар, жазуучулар, композиторлор жана дирижёрлордон турган чыгармачыл топ түзүлөт.
Ал жогорку көркөмдүк деңгээлге ээ болуп, патриоттук маанайдагы, улуттук мотивдерди камтыган, оңой эсте кала турган болушу керек. Текст адабий тилдин нормаларына шайкеш келип, чет тилдеги сөздөр колдонулбашы зарыл.
Жаңы гимндин үч мыкты варианты 1-июнга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат.
Эске салсак, буга чейин парламент сунушталган үч вариантты жактырбай, кабыл алган эмес.
Тууну азыр тескери илип алуу коркунучу жок. Кыргызстандын желеги кайда кантип жасалат?