00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Иран и Кыргызстан: о взаимодействии в экономике и построении новых маршрутов
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде органикалык азык-түлүк боюнча күчтүү атаандаштык түзө алабыз — жаңы мыйзам кабыл алынат
09:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему в Кыргызстане хотят усложнить создание ТСЖ
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу аймактарда кандай жүрүүдө?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тууну азыр тескери илип алуу коркунучу жок. Кыргызстандын желеги кайда кантип жасалат?

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын туусу. Архив
Кыргызстандын туусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2026
Жазылуу
Эгемендүү Кыргызстандын туусуна быйыл 34 жыл толду. Бул убакыт аралыгында желбиреген кызыл желек миңдеген мааракелерде өлкө намысы үчүн көтөрүлсө, жүздөгөн иш бөлмөлөрүн кооздоп келет.
Кыргызстандыктар желегинин өлкөдө эле эмес, Жер планетасынын кайсы бир жеринде айрылып, булганып калганынан тарта дизайнынын, өңү-түсүнүн өзгөрүшүнө чейин кызуу талкуулашат. Ар бир атуул бул мамлекеттик символиканы өзүнүн улуттук иденттүүлүгүнүн бир бөлүгү экенин жакшы түшүнөт. Мына ушул ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жашаган кыргыз туусун кимдер жасайт? Аны жасоодо кандай эрежелер бар? Мындай ыйык милдеттин жоопкерчилиги канчалык? Бул соболдорго жоопту өлкөдө ондогон жылдардан бери туу чыгаруу менен алектенген компаниянын жетекчиси Султан Аскат уулу жооп берди.
— Султан мырза, туу жасоого кандайча келип калдыңыз эле?
© Sputnik / Арууке Амирдинова"Салам бийик флаг kg" компаниясынын жетекчиси Султан Аскат уулу
Руководитель компании Салам бийик флаг kg Султан Аскат уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2026
"Салам бийик флаг kg" компаниясынын жетекчиси Султан Аскат уулу
— Бул ишкерлик атамдан башталат. 1998-жылдан тарта атам кыргыздын бул багытта билими бар аттуу-баштуу адамдары менен иштешип, өз бизнесин "Кыял" соода түйүнүнөн баштаган. Атам менен чогуу иштеп жүрүп, 2012- жылдан тарта "Салам бийик флаг kg" деп өзүнчө ишкана ачып бөлүнүп кеттим.
Учурда туу жасоонун 4-5 вариантын колдонобуз. Биринчиси — басып чыгаруу. Кагазга баскан сыяктуу эле кездемеге басып чыгарабыз. Экинчи түрү — аппликациялык кештелер түшүрүлгөнү. Анда ар бир деталдар кесилип алып, тигилет. Үчүнчү ыкма катары заманбап DTF басма, сублимациялык басманы айтсак болот. Мында өтө жогорку температурада белгиленген боектор менен иштейбиз. Мына ушул түрүнө суроо-талап да жогору, түшүрүлгөн сүрөттөр тунук, кооз чыгат, колдонууга да ыңгайлуу. Андан кийин кадимкидей сайма менен кооздолуучу туулар да бар, көп болбосо да кээде кардарлар сурап калышат, андыктан бул түрүн да жасайбыз. Саймалар илгеркидей кол менен эмес, атайын машинкалар менен сайылат. Буга баркыт колдонулат, ал эми азыркылары негизинен атлас жана жибек сыяктуу жалтырап туруучу кездемелерден жасалат. Биз кардарларыбызга да атласка түшүрүлгөн варианттарын сунуштайбыз.
— Кардарларыңар кимдер?
— Президенттин иш башкармалыгы, Жогорку Кеңештин аппараты, министрликтер, элчиликтер. Мындан сырткары, түрдүү мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар болгондо да ошол келе турган өлкөлөрдүн желектерин жасайбыз. Мисалы, ШКУнун жыйыны Кыргызстанда өтмөй болду деп коелу. Бизге эки-үч ай мурда кайсы өлкөлөрдүн туусун кандай өлчөмдө жана канчаны жасоо керектиги тууралуу тизме менен буюртма келип түшөт. Бул — абдан чоң жоопкерчилик. Анткени ар бир мамлекеттин туусунун өз стандарты бар, ал өңү-түсүнөн тартып майда деталдарына чейин сакталышы керек. Мына ушунун баарына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындай иш-чараларга жасалчу тууларды текшерүүнү өз мойнума алам. Алар коюлган жерлерде президенттер сүрөткө түшүп, ондогон, жүздөгөн камераларга тартылат. Бул — жеке сенин же ишканаңдын эле эмес, өлкөңдүн жоопкерчилиги, намысы. Ошондуктан ката кетирүүгө акыбыз жок.
— Биз 2023-жылы тууга өзгөртүү киргизбедикпи. Коомчулукта ар кандай талкуулар жүрдү. Сизден бир чети сүрөтчү-дизайнер, экинчиден түздөн-түз ушул туу менен алектенген адам катары сурагым келет, профессионал көз караштан алганда кайсы тууну кездемеге түшүрүү, көрсөтүлгөн эрежелер менен басып чыгаруу жеңилирээк?
— Мен бул жаңы туубуз боюнча жөн гана техникалык учурун эмес, андан бир аз көбүрөөк нерсе айта алам. Анткени туунун жаңы варианты сунушталып, Жогорку Кеңеште талкуу жүрүп жаткан учурда президенттин аппаратынан мага чалып, адис катары пикир сурашты. Ошондо мага жиберилген туунун жаңы вариантынын сүрөтүн карап туура эмес жактарын көрдүм. Бул, албетте, жөнөкөй кишиге байкалбай деле калышы ыктымал эле, бирок аны басып чыгаруу, жасоо, илүүдө мүшкүл жаратмак. Кемчиликтерди дароо айттым. Электрондук форматта туура вариантын даярдап, ишканабызга келген аппарат жетекчисине көрсөттүм. Ошол учурда Жогорку Кеңеште туунун жаңы вариантын кабыл алуу боюнча акыркы жыйын болуп, талкуу жүрүп жаткан. Президент Москвага иш сапары менен аттанган экен. Ал киши ошол жерден эле минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен байланышты. Эдил Жолдубаевичке түндүк туура эмес турганын, чамгарактары кичинекей болуп калганын жана башка туура эмес жактарын айттым. Ал мен айткан маселелерди угуп, президентке оңдоп-түзөлгөн вариантын дароо жиберүүгө тапшырма берди. Жыйынтыгында президент Москвага конору менен ага кемчиликтери жоюлган варианты жетип, ошол кабыл алынды. Андыктан азыркы туунун чамгарагын кыйшайтып же күндүн желелеринин градусун өзгөртүп басып чыгаруу мүмкүн эмес, баш-аягы кылып тескери илип алуу коркунучу да жок.
Эгер эсиңизде болсо, туубуз баш жагы төмөн карап илинип калып, ал талкууга түшкөн учурлар буга чейин болгон. Эми тууну илүүдө ар бир жаранга кайсы жагы жогору, кайсы тарабы ылдый экени түшүнүктүү болуп көрүнүп турат.
Эски туу боюнча дагы бир жагдай, эсиңиздеби, мурда ар түрдүү туулар сатыла берчү. Өңү бири-биринен айырмаланган, күндүн жайгашышы, анын нурлары, түндүгү, чамгарагы, ал тургай сатыкка бир учу кууш туулар да чыккан. 1992-жылы кабыл алынган туунун техникалык спецификациясы (техникалык талаптары — ред) да жок экен. Балким бар чыгар, бирок бизге ошол кезде таап бере алышкан эмес. Анан тиешелүү мамлекеттик мекеме менен биргеликте кайрадан иштеп чыгып, үлгү катары бир даана туу жасап бергенбиз. Ал резиденцияда сакталат. Кийинки тууларды ошого карап чыгара баштаганбыз.
Бирок баары бир Кытайдан массалык түрдө басылып келген туулар бар эле, талаптарды сактабаганы аз келгенсип, бир тарабы кууш да болуп калчу. Алар эми акырындык менен колдонуудан чыгып баратат.
— Бишкектин түштүк тарабындагы Бозбөлтөк тоосунда желбиреп турган тууну сиздер жасай турганыңыздардан кабарым бар. Ал эми Кыргызстандагы эң чоң делген "Ала-Тоо" аянтындагы туу да сиздердин эмгекпи? Мындай желектерди жасоодо өзгөчө технология талап кылынса керек?
— Ооба, Бозбөлтөк тоосундагы туу биздин эмгек. Ал эми "Ала-Тоо" аянты боюнча айтсак, мурдараак биз жасачубуз. Анан орто жолдон башка фирма жасаган туу илине баштады. Кайрадан бийиктетилип жасалган флагштокто турган жаңы тууну биз тигип чыктык. Анын туурасы — 18, узуну 30 метр. Флагшток жаңыланганга чейин бул жерде туурасы — 9, узуну 15 метрлик желек илинип турчу. Аянтка биринчи илинген желек Түркиядан жасалып келген. Анын туурасы — 10, узуну 15 метр болчу. Пропорциясы боюнча туурасы — 9, узуну 14 болушу керек эле. Биз ушул стандартты ошол кездеги жетекчилерге түшүндүрүп жатып туурасын — 9, узунун 15 метр кылып өзгөрткөнбүз. Ошентип жасап илип жүрдүк. Анан ортодо башкалар жасап жүрдү, кийин бул жаңы желекти жасоону кайрадан бизге беришти. Ал жаңы технология менен жасалып, мурдагыдан көлөмү чоң болгону менен салмагы жеңилирээк, анткени ал тигилген материалдын туурасы 3,2 метрди түзөт. Матанын бир түрмөгү 25-26 килограмм. Бул тууну тигүүгө эки түрмөк кетти. Жалпы салмагы 60 килограммга чукулдап барат. Мындай технология менен Борбор Азияда азырынча биз гана даярдайбыз.
Ал эми эски туунун көлөмү кичинекей болгону менен оор болчу. Анткени кездемеси оор эле, туурасы 1,5 гана метр эле. Анан көп кездеме кетчү, 4-5 киши араң көтөргөн туу тигилчү. Азыркы тууну эки эле киши көтөрө алат. Шамалга чыдамдуулугу да азыркыныкы жогору. Секундасына 20 метр ылдамдыктагы шамал бул туу үчүн коркунучтуу эмес, ага кепилдик бере алам. Андан катуусуна чыдабай калышы мүмкүн. Бирок ушул туу жаңы илингенде эртеси эле Бишкекте катуу шамал болгон. Бир канча мүнөт өйдөдө туруптур, анан ылдый түшүрүшүптүр. Чатырларды учуруп, бактарды кулаткан катуу шамал болгон болчу. Кийин реставрацияга алып келишкенде карасам, четинен 20 сантиметрдей айрылыптыр.
Негизи күндө илинип турган бардык тууларды 2-3 айда реставрациялап туруш керек. Мыйзамда өзү ошондой көрсөтүлгөн.
— Тууга карата коомчулукта болобу же мамлекет тарабынанбы, эмнелер жетишпейт деп ойлойсуз?
— Тууну колдонуу, коргоо тартиптерин дыкат бекитип алуу зарылчылыгы бар деп ойлойм. Анан ошол тартипти сактоону жөнөкөй жарандан тарта аткаминерлерге чейин сакташын талап кылышыбыз керек. Тилекке каршы, коомчулуктун тууга болгон бир аз жоопкерчиликсиз мамилеси байкалат. Ошол үчүн да туура эмес илип алышып, так эрежелерине көңүл бурбай жасай бергендер чыккан.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2025
Манастан кийин кыргызда Айтматов жаралышы керек болчу. Жазуучу тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0