БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов билдирди.
Анын айтымында, мындай сейсмикалык кооптуу абал 2026-жылдын аягына чейин сакталат.
"Кыргызстандын аймагында жылына 9 500дөй жер титирөө болот, эл анын 20га чукулун сезет, калганын аспаптар гана каттайт. Демек, биз жер байма-бай силкинип турган аймакта жашаганбыз жана жашай беребиз. Божомол жасоо — жакшы көрүнүш эмес. Кайсы аймакта канчалык жер титирөө болорун айта алганыбыз менен качан силкинерин айта албайбыз", — деди Абдрахматов.