22-апрелге карата аба ырайы

22-апрелге караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКК, 21-Апр. — Sputnik. 22-апрель, шаршембиде, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +21...+26 градус ысык болсо, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +18...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +26...+28 градусту көрсөтүп турат.
Кыргызстанда кене чаккан учурлар көбөйдү. Себеби жана коргонуу жолдору