БИШКЕК, 20-апр. — Sputnuk. Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын Маданият министрлиги кабарлады.
Ал кыргыз элине да таанымал инсан эле. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан достордон болгон. Андан сырткары, кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз байланышта, карым-катнашта жүрүп, эки элдин адабий байланышына көпүрөлүк милдетти аткарган.
1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген.
Шаханов эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон. Ал Казакстандын саясий окуяларына, улуттук позициясын талап кылган учурларга четте калбай аралашып турган.