Иран эли кыргызстандыктарга ыраазылык билдирип, видеокайрылуу жолдоду

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Иран эли кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Видео ӨКМдин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу кыргызстандыктар, Манастын урпактары, сиздердин гуманитардык жардамыңыздар Иранга жеткирилди. Рахмат, Кыргызстан!” — деп айтышкан алар.

Кыргызстандан 3-апрелде чыккан 129 тонналык гуманитардык жардам 7-апрелде Иранга жеткирилген. Жардам согуштан жабыр тарткан жарандарды колдоо максатында жөнөтүлгөн.
Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Иранга жеткирилди