БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын региондорунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +11...+16 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ошту ала булут каптап турат. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21, Ошто +21…+23 градуска жетет.