БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Австралиянын Флиндерс университетинин окумуштуулары жарыялаган макалада Жер калктын санынын өсүшүнө туруштук бере албай калышы мүмкүн экени айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, азыркы өсүү темпи сакталса 2070-жылдардын аягына карата дүйнө калкынын саны 12,4 миллиард адамга жетет. Бул биздин планетаны жетер чегине алып келиши мүмкүн.
"Жер, суу, энергия, биологиялык ар түрдүүлүк жана башка ресурстарды пайдалануу боюнча социомаданий практиканы олуттуу өзгөртмөйүнчө Жер келечектеги калктын деңгээлин, ал тургай азыркы калктын деңгээлин да көтөрө албайт", — деп айтылат макалада.
Ошол эле учурда окумуштуулар планета үчүн ылайыктуу калктын саны 2,5 миллиарддын тегерегинде деп эсептешет.
"Туруктуу жашоого ылайык калктын саны алда канча аз жана XX кылымдын орто чениндеги дүйнөлүк деңгээлге жакын", — деген изилдөөнүн башкы автору Кори Брэдшоу.
Изилдөөчүлөр өз тыянактарына таянып, коомчулукту жерди, сууну, энергияны жана материалдык ресурстарды пайдалануу ыкмаларын кайрадан карап чыгууга чакырышууда.