БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 7-ноябрь, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +9...+11 градуска көтөрүлөт.