00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
On air
21:00
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууда функциялар туура бөлүштүрүлбөй, аймактарда көйгөй жаралып жатканын айтты. Өлкө башчы Чолпон-Атадагы кеңешмеде мыйзамдардын көптүгү, жергиликтүү бийликти негизги милдетинен алаксытып жатканын айтты. Президент көйгөйдү чечүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл экенин белгиледи: Айыл өкмөтү биринчи кезекте өз айылынын көйгөйү менен алектениши керек Жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжасы кагаздагы толгон-токой отчет менен эмес, калктын жашоосундагы реалдуу өзгөрүү менен өлчөнүшү кажет Жергиликтүү бийликти ашыкча тапшырмалардан бошотуш үчүн мамлекеттик органдардын ким эмне үчүн жооп берерин тактоо зарыл
Мамлекеттик ипотекалык компания Жала-Абаддын Кербен шаарында жана Оштун Гүлчө шаарында көп кабаттуу турак жайлардын курулушун баштады. МИКтен билдиришкендей, Кербендеги алты кабаттуу "Хан-Теңири-7" турак жай комплекси 18 блоктон туруп, 540 батир жайгашат. Алардын 126сы бир бөлмөлүү, 306сы эки бөлмөлүү жана 108и үч бөлмөлүү болот. Ал эми Гүлчөдөгү комплекс "Хан-Теңири-8" деп аталып, 702 батирге ылайыкталган 9 кабаттуу 12 үй түшөт. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашат.
Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пункту реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, Таластын Манас районундагы "Чоң-Капка" чек ара бекетин оңдоого 70 миллион сомдой кеткен. Чек ара кызматынын төрага орун басары Данияр Сатимовдун айтымында, жаңы салынган жай көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт. "Заманбап инфратүзүм көзөмөлдүн сапатына жана өткөрүү пунктунун өткөрүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет. Жарандар жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу болот, — деди ал.
Кыргызстанда сабиз менен картошка кымбаттап, пияз арзандады Айыл чарба министрлиги азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз 7%, картошка 6,9%, сүт 2,1% жана койдун эти 1,3% кымбаттаганы аныкталды. Ошол эле учурда пияз 4,6% арзандаган. Мындан тышкары ун, нан, күн карама майы жана сары майдын баасы да бир аз төмөндөгөн.
Ысык-Көлдүн түбүнөн миң жылдап жаткан кыштар табылды. Көлдүн түбүн тазалаган суучул, табылга кечээ сууга сүңгүгөн учурда кездешкенин жазды. Музейдин адистеринин божомолунда, кыштар XI–XII кылымдарга таандык. Тарыхый баалуулукту мындан ары тереңирээк изилдөө жана сактоо үчүн музейге өткөрүлүп берилмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0