00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кадрлар, клиникалык базалар жана окутуу программалары: эмне үчүн 13 медициналык жогорку окуу жайы аккредитациядан өтпөй калды?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
25-июндан бери коомчулукта жана соцтармакта кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери талкууланып жатат. Айрыкча алфавиттен "Э" тамгасын алып салып, ордуна "Ени" колдонуу талаш пикирге жем таштады. Каршы пикир айткандар арбын болууда. Бул боюнча түшүндүрмө сурап, сунушталып жаткан долбоорду иштеп чыккан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын эксперттик тобунун төрагасы Сыртбай Мусаевге кайрылдык. Мусаевдин айтымында, көпчүлүк маселенин өзөгүн түшүнбөй эле ызы-чуу түшүп жатат. "Тамгадан мурда тыбыш пайда болот. Тамга — тыбышты көрсөткөн шарттуу гана белги. Мисалы, "А" тыбышы кирилл арибинде башка белги менен, араб арибинде узун бир таяк менен белгиленет. Жалгыз гана бизде бир тыбышты эки белги менен белгилеп алганбыз. Алфавит түзүүнүн эрежеси боюнча, бир тыбышты бир белги менен эле белгилешибиз керек", — деди Мусаев. Окумуштуунун айтымында, учурдагы сунушта негизги өзгөрүү эле ушул. Калганы — кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу сыяктуу тактоону талап кылган маселелер.
Бишкекте 1-июлдан тарта Магистраль көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Манас айылына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалымдалгандай, бул тилкеде курулуш жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 30-июндан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкөев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 10 күнгө чектелет. Бул канализация тармагын оңдоп, жаңылоо иштерине байланыштуу. Мэриянын маалыматына караганда, бул тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн башка бөлүктөрү да кезеги менен ар бири 10 күндөн жабылып турат. Шаар бийлиги тургундар менен айдоочуларды убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууга чакырды.
Балыкчы шаары менен Түп районунда кишилердин өмүрүн сактап калган ИИМдин кызматкерлери Каармандык медалы менен сыйланды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, Балыкчы шаарындагы атайын багыттагы полктун кызматкери, старшина Бейшенбек Теңизбеков сууга чөккөн эки адамды ажалдан арачалап калган. Ал эми Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, прапорщик Апсамат Оңгорбеков кишинин мойнуна бычак такаган бейбашты билгичтик менен куралсыздандырып, каармандык көрсөткөн. Адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы жана чечкиндүү аракеттери үчүн бул эки кызматкерге ыйгарылган медалды ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырды.
Легендалуу мушкер Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз бокс лигасынан билдиришти. Маалымдалгандай, эки салмак категориясы боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону 3-июлда Бишкектеги "Жаштык Аренада" өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечесине катышат. Мындан тышкары, Холифилд Кыргызстанда өзүнүн бокс академиясын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылды. Андан сырткары, анын өмүр жолу тууралуу даректүү тасманын айрым эпизоддору Ысык-Көлдө тартыларын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0