https://sputnik.kg/20260630/1102158388.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик... 30.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-30T17:00+0600
2026-06-30T17:00+0600
2026-06-30T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1e/1102158222_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d3df7feea5baab684eecd3016e417018.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишин кескин сынга алып, башкаруу тутумунда олуттуу реформалар башталганын жарыялады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Нарын жана Ош облустарына болгон иш сапарларында элдин арыз-муңун жеке өзү укканын эске салды. Анын айтымында, калк көтөргөн көйгөйлөрдүн 80-90 пайызы борборго жеткирбей эле, жеринде чечиле турган маселелер болуп чыккан. “Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек! Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет”, — деп билдирди Жапаров. Президент аткаминерлерди бюрократиядан арылып, заманбап онлайн байланыш каражаттарын, социалдык тармактарды жигердүү колдонуп, эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Ошондой эле жыл аягына чейин бул багыттагы чаралардын натыйжалуулугу бааланып, жыйынтык чыгарыла турганын кошумчалады.
1-июлдан тарта Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: ▪️App Store же Google Play аркылуу “RuID” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу ▪️Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү ▪️Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү ▪️Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө ▪️Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот. Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакындарынын катуу оорушуна, өлүмүнө байланыштуу же башка шашылыш жагдай жаралса, шартты документ менен ырастап, кирүү арызын 4 саат эрте берүүгө уруксат берилет.
Бишкекте суу жана канализация үчүн жаңы тарифтери бекитилди Ага ылайык, калк үчүн суунун тарифи 1 кубометрине 15,73 сом, канализация үчүн 6,80 сом болот. Бизнес үчүн тарифтер 2,1 эсеге, ал эми унаа жуучу жайлар, сауналар, бассейндер жана кир жуучу жайлар сыяктуу суу керектөөчүлөр үчүн 3 эсеге жогору белгиленди. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн түтүктөрү жана канализация тармактарын тейлөө үчүн ай сайын 1 чарчы метрге 2,2 сом өлчөмүндө тариф киргизилди.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык музыка фестивалы өтөт. Бул туурасында аталган иш-чаранын координатору Айнура Темирбекова билдирди. Музыка майрамы 2-5-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" комплексинде болмокчу. "Көчмөндөр санатына" 30дан ашык өлкөдөн кесипкөй музыканттардын келери күтүлүүдө", — деди Темирбекова Эске салсак, Кыргызстан бул сапар уюштуруп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишин кескин сынга алып, башкаруу тутумунда олуттуу реформалар башталганын жарыялады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Нарын жана Ош облустарына болгон иш сапарларында элдин арыз-муңун жеке өзү укканын эске салды. Анын айтымында, калк көтөргөн көйгөйлөрдүн 80-90 пайызы борборго жеткирбей эле, жеринде чечиле турган маселелер болуп чыккан. “Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек! Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет”, — деп билдирди Жапаров. Президент аткаминерлерди бюрократиядан арылып, заманбап онлайн байланыш каражаттарын, социалдык тармактарды жигердүү колдонуп, эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Ошондой эле жыл аягына чейин бул багыттагы чаралардын натыйжалуулугу бааланып, жыйынтык чыгарыла турганын кошумчалады.1-июлдан тарта Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: ▪️App Store же Google Play аркылуу “RuID” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу ▪️Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү ▪️Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү ▪️Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө ▪️Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот. Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакындарынын катуу оорушуна, өлүмүнө байланыштуу же башка шашылыш жагдай жаралса, шартты документ менен ырастап, кирүү арызын 4 саат эрте берүүгө уруксат берилет. Бишкекте суу жана канализация үчүн жаңы тарифтери бекитилди Ага ылайык, калк үчүн суунун тарифи 1 кубометрине 15,73 сом, канализация үчүн 6,80 сом болот. Бизнес үчүн тарифтер 2,1 эсеге, ал эми унаа жуучу жайлар, сауналар, бассейндер жана кир жуучу жайлар сыяктуу суу керектөөчүлөр үчүн 3 эсеге жогору белгиленди. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн түтүктөрү жана канализация тармактарын тейлөө үчүн ай сайын 1 чарчы метрге 2,2 сом өлчөмүндө тариф киргизилди. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык музыка фестивалы өтөт. Бул туурасында аталган иш-чаранын координатору Айнура Темирбекова билдирди. Музыка майрамы 2-5-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" комплексинде болмокчу. "Көчмөндөр санатына" 30дан ашык өлкөдөн кесипкөй музыканттардын келери күтүлүүдө", — деди Темирбекова Эске салсак, Кыргызстан бул сапар уюштуруп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1e/1102158222_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e4e5b0d70f1aac39431264e182fa3d07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио