00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
13 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:13
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кечээ, 29-июнда, Улуттук банк тарыхындагы эң ири интервенцияны жасап, валюта рыногуна 222 миллион 550 миң доллар чыгарды. Бул туурасында Улуттук банктан кабарлашты. Бул, быйылкы жылдын эсеби менен алсак, сегизинчи интервенция. Жыл башынан бери жалпысынан 1 милилард 286,2 миллион доллар сатылды. Салыштыра келсек, былтыр сомдун курсун кармап туруу үчүн Улуттук банк 853 миллион доллар короткон. Анткен менен курстун орточо баасы өзгөргөн жок. Мисалы, доллардын сатылышы орточо алганда 87,8 сомдун тегерегинде турат. Адатта Улуттук банк валюта асмандап кетпеши же рыноктогу чет элдик валютанын тартыштыгын жоюу үчүн доллар сатат.
Балыкчы шаары менен Түп районунда кишилердин өмүрүн сактап калган ИИМдин кызматкерлери Каармандык медалы менен сыйланды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, Балыкчы шаарындагы атайын багыттагы полктун кызматкери, старшина Бейшенбек Теңизбеков сууга чөккөн эки адамды ажалдан арачалап калган. Ал эми Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, прапорщик Апсамат Оңгорбеков кишинин мойнуна бычак такаган бейбашты билгичтик менен куралсыздандырып, каармандык көрсөткөн. Адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы жана чечкиндүү аракеттери үчүн бул эки кызматкерге ыйгарылган медалды ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырды.
Кыргызстанда сабиз менен картошка кымбаттап, пияз арзандады Айыл чарба министрлиги азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз 7%, картошка 6,9%, сүт 2,1% жана койдун эти 1,3% кымбаттаганы аныкталды. Ошол эле учурда пияз 4,6% арзандаган. Мындан тышкары ун, нан, күн карама майы жана сары майдын баасы да бир аз төмөндөгөн.
Европа 2030-жылга чейин эле Москва менен жаңжалдашып калышы мүмкүн. Мындай пикирин РИА Новостиге берген маегинде Россиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский билдирди. Анын айтымында, учурда маселе Европа согушка максат коюп даярданып, аскерлерин тынбай арттырып жатканында гана эмес. Ал мындай аракеттерге негиз катары Россияны агрессор катары көрсөткөн жана ага тиешелүү деп айтылган пландар тууралуу маалыматтык "шедеврлер" колдонулуп жатканын эске салды. "Маселе — дагы жасалышы ыктымал деген чагымдардын күчөп жатканында. Мындай нерселер Европаны согушка күтүлгөндөн алда канча эрте тартып кетиши мүмкүн. Бул кимдир бирөө каалайбы же жокпу, ага карабай башталып кетиши мүмкүн", — деди Полянский Европада айтылып жаткан Россия менен 2030-жылга карата согушка даярдануу чакырыктары чыныгы сценарийби деген суроого жооп берип жатып. Өткөн жумада Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Батыш Москва менен болжолу 2030-жылдары кагылышууга даярданып жатканын билдирген. Анын айтымында, Европа биримдиги менен Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) негизги максаты — Россияны стратегиялык жактан алсыратуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0