ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды - Абитуриент эмнелерди эске алуусу керек?

Sputnik
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестке каттоо 15-октябрда старт алды. Каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул кышкы кабыл алуу жана республикалык тест тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин Жогорку, орто кесиптик, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Алисултан Ташиев жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун башкы адиси Мээрим Кадырова жооп берди.