Күрөш: Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледи

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Иорданияда 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз-жигиттер алты медаль алып, командалык эсепте 6-орунду камсыздады.
Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) колону утту. Кыз-келиндер арасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло тагынды.
Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш алды.
Натыйжада жалпы командалык эсепте биздин өлкөнүн спортчулары Иран, Япония, Түндүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан кийинки орунга жайгашты.
Азия чемпионаты: Орозбек Токтомамбетов күмүш медаль алды