Жалал-Абаддагы ири административдик имараттын курулушу августта бүтөт. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддагы административдик имарат августта курулуп бүтөт. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта имараттын 40 пайызы салынып бүттү.
"Учурда имарттын чатырын жабууга даярдыктар көрүлүп, ичи-сырты монтаждалууда. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу аракеттери көрүлүп жатат. Жаңы мекеме жети гектар жерди ээлеп, чакан жана чоң жыйындар залы, экспоборборлору камтылат. Имараттын алдына борбордук аянт жана эс алуу аллеялары курулат. Жумуштарды ушул жылдын август айында бүткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, облустук администрация, мэриянын имаратын жана борбордук аянтты жаңыртууга 900 миллион сом сарпталары айтылган.
Быйыл Жалал-Абадда 5 200 кишиге ылайыкташкан спорт ордосу курула баштайт