Грузияда Михаил Кавелашвили президенттик кызматка расмий киришти

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Грузияда Михаил Кавелашвили бүгүн, 29-декабрда, президенттик кызматка расмий киришти. Инаугурация аземи парламентте өткөнүн РИА Новости жазды.
Ал арада өлкөнүн буга чейинки башчысы Саломе Зурабишвили резиденциядан кеткени кабарланды. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Тбилисидеги башаламандыктарды колдоп чыккан эле.
Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланды. Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон.
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурдагы футболчу.
2022-жылы Кавелашвили ачык катында АКШ элчисинен оппозициянын бийликти кулатуу чакырыктарына, ошондой эле Киевдин Грузияны Россияга каршы жаңжалга кошулуу өтүнүчүнө карата мамилесин билдирүүнү суранган. Ал АКШ элчилиги Грузиядагы бийликти поляризациялоо жана өзгөртүү үчүн өзүнүн агенттерин колдонуп жатканын айткан эле. Жаңы шайланган президент үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Белгилей кетсек, Грузия — парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, нагыз бийлик премьер-министрде.
Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу