Радио

Кыргызстанда критикалык минералдар жана сейрек металлдар изилденет

Кыргыз геология кызматынын геология башкармалыгынын башчысы Рустам Бейшенбай уулу жер казынасын пайдаланууда жаңы технологиялар колдонулуп, чалгындоо иштерин жакшыртууга көңүл буруларын айтты.
Sputnik
Сейрек кездешүүчү металлдар геологиялык өнөр жайдын өнүгүшүнүн негизи боло алат. Анткени стратегиялык маанилүү ресурстарга дүйнөдө суроо-талаптын туруктуу өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Рустам Бейшенбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алууну өнүктүрүү улуттук ички дүң продуктунун өсүшүнө чоң салым болот.
"Сейрек кездешүүчү металлдар геологиялык өнөр жайдын өнүгүшүнүн негизи боло алат. Анткени стратегиялык маанилүү ресурстарга дүйнөдө суроо-талаптын туруктуу өсүшү байкалууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күндө жарлыкты ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Негизи жер казынасын пайдаланууда жаңы технологияларды колдонууга, чалгындоо иштерин жакшыртууга бел байлап жатабыз. Критикалык минералдарды жана сейрек металлдарды изилдөөдө жогорку технологиялар колдонулат", — деди Бейшенбай уулу.
Ошондой эле заманбап геологиялык жана геофизикалык ыкмаларды колдонуу менен сейрек кездешүүчү жер элементтеринин потенциалдуу кендерин комплекстүү изилдөө иштери жүрөрүн кошумчалады.