Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина ТИМинин башчысы анын өлкөсү РФ менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Киев бийлигинин өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө даяр деген билдирүүлөрүн биринчи жолу айтып жаткан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Украина Россия менен сүйлөшүүгө даяр. Бул туурасында Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөшүп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Украин тарап Россия менен диалогго келип сүйлөшүүгө даяр жана ниети бар. Албетте, сүйлөшүүлөр майнаптуу болушу шарт, акыйкаттуу жана туруктуу дүйнөнү түптөөгө багыт алышы керек", — деген Кулебанын сөзүн Кытай ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин айтып берген.
Киев бийлигинин өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө даяр деген билдирүүлөрүн биринчи жолу билдирип жаткан жок. Өткөн аптада Владимир Зеленский Москва, анын ичинде президент Владимир Зеленский менен тынчтык сүйлөшүүлөр болушу ыктымалдыгын айткан.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин мындай кадамы АКШдагы болчу шайлоого байланыштуу деп белгилеген.
Москва буга чейин кепке келүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирип келди, бирок ага Киев мыйзам деңгээлинде тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырып келет. Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операцияны максатына жеткирүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Россиянын бардык талаптары белгилүү экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: "кош соккудан" улам Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө ишарат жасоодо