Бишкекте санитардык-экологиялык эреже бузгандарга 1,5 млн. сом айып салынды

Мэрия шаар тургундарынан жана чарба субъектилеринен таштандыларды контейнерлерге салууну өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Бишкекте үч күн ичинде санитардык-экологиялык нормаларды бузган 181 учур аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 20-майдан 23-майга чейин эреже бузгандарга салынган айыптын суммасы 1 477 000 сомду түзгөн. Шаардык администрация тургундар көбүнчө санитардык эрежелерди сактабай жатышканын белгилейт.
Экологиялык нормалар бузулган үч учур катталып, аларга 22 500 сом айып салынган. Мында жашоочулар таштанды калдыктарын өрттөп жиберишкени үчүн айыпка жыгылышкан.
Мэрия шаар тургундарынан жана чарба субъектилеринен таштандыларды, тиричилик калдыктарын контейнерлерге салууну, тазалыкты сактоону өтүнөт.
Бишкек мэриясы курт-кумурска, келемиш көбөйсө кайда кайрылууну айтты