Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
“Раиси жекшемби күнү (19-майда) техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган тик учактын кыйроосунан улам каза болгон”, — деп жазылган маалыматта.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Маркум Раисинин милдетин убактылуу Ирандын биринчи вице-президенти аткарат