https://sputnik.kg/20240520/ebrakhim-raisi-iran-kyrsyk-1085311260.html
Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби айтылды
Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат... 20.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-20T21:15+0600
2024-05-20T21:15+0600
2024-05-20T21:15+0600
дүйнө
эбрахим раиси
кырсык
тик учак
иран
https://sputnik.kg/img/07e8/05/14/1085311389_344:358:3072:1892_1920x0_80_0_0_8586727c20763e403aadb7ca084c8152.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
https://sputnik.kg/20240520/iran-prezident-mildetin-atkaruu-1085289258.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/14/1085311389_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_478ae1e1d45288fce4378b002b729344.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнө, эбрахим раиси, кырсык, тик учак, иран
дүйнө, эбрахим раиси, кырсык, тик учак, иран
Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби айтылды
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине шилтеме кылып
РИА Новости билдирди.
“Раиси жекшемби күнү (19-майда) техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган тик учактын кыйроосунан улам каза болгон”, — деп жазылган маалыматта.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү
жарыяланган.