00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш Кубогу жыйынтыкталды: баш байгени «Ынтымак» алды АКШ менен Иран убактылуу элдешип турмай болдуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка саноого старт берилди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 100 күн калганда, артка саноону белгилеген салтанаттуу иш-чарага катышты. Маматканов өз сөзүндө бул ири эл аралык иш-чара 31-августта — Эгемендүүлүк күнүндө башталарын билдирди. "Алдыдагы оюндарда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коноктор көк бөрү мелдештеринин дүбүртүн угуп, комуздун терең күүсүнө суктанып, көчмөн цивилизациясынын улуулугун жана эркин рухун толук сезе алышат" , — деди Улан Маматканов. Ал сөзүнүн аягында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн гана мамлекеттик долбоор эмес, бул — бүтүндөй кыргыз элинин аброю жана кадыр-баркы менен байланышкан маанилүү иш-чара экенин баса белгиледи.
Өлкөдө автоунаа импортунун көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика биринчи кварталда 38,6 миң унаа алып келген. Бул былтыркы жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 11 миңге көп. Автокөлүктөрдүн басымдуу бөлүгү Кытайдан (18 миң), Түштүк Кореядан (13,6 миң) импорттолууда. Үчүнчү орунда Америкадан келген машиналар турат (2,1 миң).
Талас шаарында республикалык "Көк-Бөрү Жеңиш Кубогу — 2026" турнири жыйынтыкталды. Турнирдин баш байгесин "Ынтымак" командасы жеңип алды. Финалдык беттеште алар "Намыс" командасы менен күч сынашып, 4:2 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи орун үчүн "Ынтымакка" 1,5 миллион сом тапшырылды. Ал эми күмүш байгеге ээ болгон "Намыс" командасы 1 миллион сом алды. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште "Достук" менен "Сары-Өзөн" командалары кез келди. Оюн 4:1 эсебинде "Достуктун" ишенимдүү жеңиши менен аяктады. Коло байгенин ээси болгон командага "500 миң сом" ыйгарылды. Турнирдин алкагында Таластын жаштар командасы менен Казакстандын Шымкент шаарынан келген жаштар командасынын ортосунда эл аралык жолдоштук беттеш да өттү. Анда талаа ээлери ири эсеп менен жеңишке жетип, оюнду 10:2 эсебинде жыйынтыктады.
АКШ менен Иран 60 күндүк өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Axios басылмасына таянып, РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, тараптар эки айга жарактуу болгон меморандумга кол коюшу мүмкүн, ал өз ара макулдашуу менен узартылышы ыктымал. “Бул мөөнөт ичинде Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсү акысыз болот. Ошондой эле Иран кысыкка коюлган миналарды тазалоого макул болуп, кемелердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыздайт. Макулдашуу 60 күндүк жарашуу режимин да узартууну карайт. Бирок АКШнын Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн аскердик күчтөрү Иран менен акыркы келишим түзүлгөнгө чейин аймакта калат”, — деп билдирген америкалык аткаминер. Мындан тышкары, АКШ Ирандын портторуна коюлган блокаданы алып, айрым санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн. Бул Тегеранга мунайды эркин сатууга жол ачат.
Жаңылыктар түрмөгү
0